www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министрлер, атап айтканда, Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Жоомарт Оторбаев, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Темир Сариевдер 10 пайыз деген кличкасы бар кесиптеши Жантөрө Сатыбалдиевди коргоп, кайрылуу жазышыптыр, тергөө адилеттүү болбой калды, 11 жылга камакка алуу деген абдан көп деп. 

Чын-чынына келгенде Жантөрө Сатыбалдиев бекеринен 10 пайыз деген атка конгон эмес. Кайсы кызматта отурбасын, келген долбоорлордон 10 пайыз “откат” сурачу деген кеп эбактан бери артынан ээрчип келатат.

Азыр премьер кезинде гана жасаган мыйзамсыз иштери боюнча айып тагылып атат, Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясында тургандагы коррупциялык иштерин, салынган үйлөрүнүн четинен ураганын айтып атып эл чарчаган. Аны жакшылап казса, дагы 20 жылдык айыптар тагылышы толук мүмкүн.
Ал эми бул экс-премьерлер болсо, өздөрүнүн артылары таза эместигин ойлонушса болмок, бирөөнү коргогондон мурда.

Мисалы, Темир Сариев жол салуудагы коррупциялык чыр-чатактан улам өкмөт башчылыктан кеткен, Муралиевдин уулу мамлекеттин сырын саткан шпион, Чынгышев бул өлкөдө жиндилер гана уурдабайт деп айткан коррупционер, Чудинов чудо кандайча тирилип, депутат болуп калганына азыркыга чейин таң калып жүрүшөт. Ар бирин айта берсе, сөз көп. Өздөрүнүн калбырлары калдырап жүргөндө, башкага болушуп эмне кылам да?

Ли Куан Юдай катуу чараларды көрүш керек, эч кимди аябаш керек деп кыйкырсак кыйынбыз, анан эле бул биздин айылдан, тигил биздин коктудан, мунусу биздин командадан, эми баарыбыз бир премьер лигаданбыз деп коррупционерлерди коргоп отура берсек, өлкө эч качан өнүкпөйт!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости