www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республиканыничкииштер органдарындагы Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган укук бузуулар, кылмыштарды ачуу, ошондой эле, кароосуз, көзөмөлсүз калганжашы жете электерди аныктоо боюнча иштер алып барылууда. Ар бир чейрек сайын республиканын аймактарында кызыктар мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиялардын, билим берүү, социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда рейддик алдын алуу иш- чаралар жүргүзүлөт.

Рейддик иш- чаралар учурунда, республиканын ички иштер органдарындагы Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан соодаа комплектери, базарлар, темир жол жана авто унаа бекеттери, канализация өтүүчү жайлар, имараттардын жертөлөөлөрү, жер астындагы өтмөктөр, унаа жуучу жайлар жана башка турмуштук оор кырдаалга кабылган өспүрүмдөр чогулуусу мүмкүн болгон жайлартекшерилет.

Белгилеп кетүүчү жагдай, республиканын жашы жете элек калкы 2 милион 312 миңден ашуун же республиканын жалпы калкынын санынын 37 пайызын түзөт.

Былтыркы жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырсак, быйылкы жылдын үч айында жалпы балдар кылмыштуулугу 36 пайызга же 425тен 272 азайды.

Жашы жете электер арасындагы өзүн-өзү өлтүрүү учурлары (суицид) 26,9%  же 26дан 19га аз катталды. Алардын ичинен 15 уул балдар жана 4 кыз суицидге барган.

Өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн негизги себеби, бул ата-энеси же туугандары менен болгон келишпестик, оорунун кесепетинен, жоопсуз  сүйүүдөн  же ата-энелер же мугалимдер тарабынан балдардын үй-бүлөөдөгү жана турмуштагы көйгөйлөрүнө жеткиликтүү көңүл бурбоо, алардын психикасына терс таасирин тийгизүүдө.

Жашы жете электер арасындагы өзүн-өзү өлтүрүү көйгөйү, өтө актуалдуу маселе. Кээ бир учурда суициддердин алдын алууда өтө катуу чараларга барууга туура келет, мисалы 2019-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды көп  кабаттуу  батирден  секирип, өз өмүрүн кыюуудан сактап калды. Быйылкы жылдын үч айында милиция кызматкерлери мындай учурлардын 8 учурунда балдарды суицидге баруудан сактап калышты.

Ошондой эле дайынсыз жоголгон жашы жете электерди издөө иштери жүргүзүлүүдө. 2019-жылдын 3 айында издөөдө 70 жашы жете элек жүргөн болсо, алардын 68и табылып ата-энесине кайтарылган. Азыр 2 өспүрүм изделүүдө.

Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерде, милиция кызматкерлери тарабынан алардын жашоо шарты да текшерилет. Ички иштер органдарынын ЖИИ кызматкерлери кызыктар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте түзүлгөн 511 штабдын мүчөлөрү менен  2019-жылдын 3 айында ар бир кожолука кирүү иш чараларын ай сайын уюштуруп,кароосуз, көзөмөлсүз  калган, ошондой эле турмуштук оор абалга кабылган, мигранттардын жашы жете элек балдарын аныктап, 46729 балдардын тизмесин даректүү тактап база түзүлгөн.

Бул түзүлгөн тизме Кыргыз Республикасынын Билим берүү, Эмгек жана социалдык мекемелерге, Мамлекеттик өзүн-өзү башкаруу органдарына чара көрүү үчүн жиберилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости