www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-ноябрда патрулдук милициянын формасын кийген адам качып бара жаткан видео Фейсбукка чыккан. Бул тууралуу “NazarNews.kg” агентиги дагы жазганга үлгүргөн.
Ал эми аз убакыт мурда, ИИМдин Фейсбуктагы баракчасында, маалыматты төгүндөгөн билдирүү пайда болду. Анда, “тарап жаткан видеодогу формачан, колунда ала таяк көтөрүп чуркап бара жаткан адам – патрулдук милицияда иштебейт”, - деп жазылат.
Мындан улам кызык суроо пайда болууда. Ал адам патрулдук милициянын формасын кийип, “шабашка” кылып жатканбы? Же азыркы тил менен айтканда “хайп” үчүн тартылган тасмабы? Эмнеси болсо дагы тартип сакчылар иликтеп, таап жооп кайтарышаар. Күтө туралы!
Булак: NazarNews.kg