www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган, ИИМдин Атайын багыттагы полку Кыргыз Республикасынын Президентине түз баш ийдирилди деген маалымат чындыкка дал келбегендигин расмий түрдө билдирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Тийиштүү жарлыкка кол коюлду деген билдирүүлөрдүн эч кандай фактылык негиздери жок жана алар ишенимсиз болуп саналат.

ИИМдин Атайын багыттагы полк штаттык режимде ишин улантууда.

Ички иштер министрлиги жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн маалыматты расмий булактардан гана алууга жана текшерилбеген, бурмаланган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Последние новости