www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 1-октябрында бардык өлкөлөрдө Карылар күнү белгиленет. Бул күнү улуу муунга сый-урматын көргөзүшүп, алардын акылмандыгын, тайманбас кайраттуулугун белгилешип, өмүрүндө жетишкен ийгиликтерин сыймыктануу менен эстешет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагерлер кеңешинин атынан ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев ички иштер органдарынын ардагерлерин куттуктап, мурдагы кесиптеш-жолдошторун Чоюнбек Сагынбаев и Майрамкан Абылкасымованы куттуктады.
-Сиздерди ар дайым маанайы жакшы, дени сак көрүү биз үчүн ар дайым сыймык. Биз үчүн сиздер оор шарттарда дагы кызматтык милдеттерин так жана чынчыл аткарган баатырсыздар. Сиздердин тажрыйбаңыздар биздин байлык, сиздердин ден соолугуңуздар жана узун өмүрүңүздөр-биздин сиздерге болгон каалобуз болсун кымбаттуу кесиптештер,-деп ардагерлерге конферт жана азык-түлүк продуктуларын тапшырып жатып Султан Жоошбаев билдирди.
"Биздин кызматта өздөрүнүн ардагерлерин унутта калтырбай, ар дайым барып, акыбалын сурап, майрамдарда чакырып, колдон келишинче жардам бергендери биз үчүн жагымдуу. Бизди сыйлап, кадырлап койгонуңуздарга ыраазымын, жалпыңыздарга жакшылыктарды каалайм",-деп Чоюнбек Сагынбаев айтты. Жаш курактарына карабастан, ардагерлердин көбү милициянын катарындагы жаш муунду тарбиялоого активдүү катышышууда.
Султан Жоошбаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ИИМдин Борбордук аппаратынын 61 ардагерине жана каза болгон ардагерлердин жубайларына майрамга карата ар бирине 1000 сомдон жана азык-түлүк продуктулары тапшырылгандыгын белгиледи, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg