www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин басма сөз катчысынын маалыматына караганда Жумгалда киши колдуу болгон аялдын күйөөсү бир жыл мурда каза болгон Бакыт Сеитов каза болгон балдардын апасы жолдошу менен ажырашып кетип, Бишкекте иштеп жүргөнүн айтты.
"Биздеги маалыматтарга караганда, каза болуп калган 4 жаштагы кыз менен 7 жаштагы баланын ата-энеси ажырашып, таенесинин колунда багылган. Апасы Бишкекте экен. Ал эми 47 жаштагы аялдын жолдошу бир жыл мурун каза болуп, ал шектүү катары кармалган 29 жаштагы тургун менен жакын мамиледе болуп жүргөн. Кылмыш катталган күнү да алар бирге спирт ичимдигин ичип отуруп, аял мас болуп калганда неберелери менен уктап калган. Шектүү ошол учурда алгач 4 жаштагы кызды зордуктап, аны 7 жаштагы бала байкап калган. Шектүү эки баланы өлтүрүп, андан кийин аялды зордуктап, өлтүрүп үйдү өрттөп кетип калыптыр. Кылмышка шектүү үйүндө мас абалында жаткан жеринен кармалган", - деди Сеитов.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда аталган оор кылмыш боюнча тергөө иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg