www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүйүн Өмүрзаков Кыргыз Республикасында дене тарбия менен спортту өнүктүрүү боюнча көп жылдык жемиштүү иштери үчүн дене тарбия жана спорттун отличниги төш белгиси менен сыйланды. Күбөлүк менен төш белгини ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковго Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын октябрь айында Бишкектин спорттук базасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиадасы өткөн. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, мамлекеттик кызматкерлерди ар убак дене тарбия менен машыгууга тартуу жана дене тарбия- массалык иштерди уюштурууну өнүктүрүү максатында мамлекеттик кызматкерлеринин арасында өткөн. Бул жылы Спартакияданын программасына спорттун түрлөрүнөн кол күрөш, бильярд, волейбол, гира көтөрүү, дартс, кичи-футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, ок атуу, күжүрмөн ок атуучу куралдан ок атуу, үч тапан, тогуз коргоол, самбо, шахмат жана аркан тартуу кирген.
Ал эми, табелдик ок атуучу куралдар ок атуу- Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеште Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков 87 балл топтоп, ардактуу биринчи орунду багындырган. 2018-жылы болсо, Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеште экинчи орунду багындырган.
Булак: NazarNews.kg