www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эскертебиз, 2018-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Жалал-Абад облусу боюнча “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда Чаткал районунун Терек-сай айылынын 15 жергиликтүү тургуну милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан.

Ошол учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан. 2018-жылдын 6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБдин Тергөө  кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси  (Бейбаштык) жана 341-беренелер (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү)  менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын  жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү  аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 жарандын өздүгү такталган. 2018-жылдын 2-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда такталган бардык жарандар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад  ОИИБдин Тергөө кызматына алынып келинген.

Жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелгендер боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында   Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 жергиликтүү тургуну киргизилген.

2018-жылдын 4-декабрь  күнү Терек-сай айлынын 15 тургунуна  карата Жалал-Абад шаардык соту тарабынан тергөө абагына 6 жаранга 2 айга, 9 жаранга 1 айга камакка алуу чечими чыкты.

Учурда Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүү органдар менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тергөө кызматы тарабынан аталган кылмыш иши боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости