www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун РИИБи өзгөчө оор кылмыш ишинин бетин ачышты. 2019-жылдын 5-апрель күнү болжол менен саат 00:25 чамасында Ноокен РИИБге Мады айылынын 1983-жылы туулган С.З. аттуу жашоочусу кайрылып, 4-апрель күнү анын биринчи класстын окучуусу болгон 2012-жылы туулган Т.А. аттуу уулу дайынсыз жоголуп кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Арызда болжол менен түшкү маалда белгисиз адамдар уулун айылдын аймагынан алып кетишип, азыркы учурда кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгы көрсөтүлгөн.
Жарандын арызы КЖБРге катталып, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн. Алдын ала иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ишкерчилик менен алектенген айылдын жашоочусуна 4-апрель күнү болжол менен саат 14:00 чамасында белгисиз адамдар чалышып, “Сенин балаң бизде, 13-апрелге чейин 120 000 АКШ долларын тапкын” деп айтышкан. Болжол менен бир сааттан кийин ошол эле номурдан “Өзүм чалам, эгерде милицияга кабарласаң балаңды өлтүрөбүз, биз айткан сумманы 10 күндүн ичинде тапкын” деген СМС-билдирме келген.
Ошол эле түнү ыкчам-тергөө тобу баланы уурдаган кылмышкерлерди аныктоого багытталган ыкчам издөө иш-чараларын башташкан. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чараларындын натыйжасында кылмыштын изин суутпай 1997-жылы туулган А.Х. аттуу ошол эле айылдын жашоочусу кармалган. Тергөө тарабынан өзгөчө оор кылмын ишинин жасалгандыгы –уурдалган баланын өлтүрүлгөндүгүн аныкташкан.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кылмыш кайда жасалгандыгын- айылдагы талаадан көрсөткөн. Жогоруда көрсөтүлгөн жерде көмүлгөн жети жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Азыркы учурда кылмыш иши Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнө (Адамды уурдоо менен коштолгон же барымтага алуу менен өлтүрүү) өзгөртүлдү. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алынган маалымат боюнча баланы уурдаган учурдан бир нече саат өткөн соң өлтүрүп салган.
Андан соң кылмышкер ата-энесине телефон чалып, ири суммадагы акча каражатын талап кыла башташкан. Алдын ала маалымат боюнча кылмыш иши өч алуу максатында жана өлтүрүлгөн баланын атасы менен шектүүнүн ортосундагы доолашуу мамилесинен улам жасалган. Шектүү үй-бүлөө мүчөлөрүнүн бардыгы менен тааныш болгон. Мурда жабырлануучу менен шектүү чогуу иштешкен. Баланы уурдап кетүү шектүүгө оор деле болгон эмес. Анткени бала шектүү менен тааныш болгондуктан ага ишенимдүү мемиле кылып келген. Азыркы учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg