www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө ири масштабда баңги заттарын таратуучу каналдарга бөгөт коюу жана баңгизат кылмышына тиешеси бар адамдарды кармоого багытталган атайын операция жүргүзүшүп, анын натыйжасында, ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизат кармалып алынды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

2021-жылдын 25-январында болжол менен саат 03:00  чамасында  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам кызматкерлери, “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлеринин күч колдоосу менен Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү максатында сатуу) сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга шектелген 1974 жылы туулган жаран О.С. кармалган. Бул мурда соттолгон жарандан 3 кг 090 гр. салмактагы героин баңги заты табылган. 

Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМ ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматынын Оперативдүү бажысынын кызматкерлери менен биргеликте издөөчү итти колдонуп тинтүү иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн жашаган жеринен баңгизаттардын башка түрлөрү табылды. Ал жерден ички иштер министрлигинин баңгизат менен күрөшүүчүлөрү 950 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын алышты. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости