www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиялык трансплантолог дарыгер Абидипа Чаудри кармалган жок, ал 12 жаштагы өспүрүм боюнча айрым суроолорго жооп алуу үчүн гана милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы чет өлкөлүк доктур мыйзамсыз кармалганы тууралуу маалыматтарга ушундай комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, борбор калаанын тургуну кайрылып, боору цирроз болгон уулуна Индиядан 38 миң долларга операция жасатышканын, бирок абалы такыр жакшырбаганын айтып, бул үчүн дарыгерге карата чара көрүүнү өтүнгөн.

“Индиянын жараны шаардык милициянын Тергөө кызматында өз өлкөсүнүн элчилигинин өкүлүнүн катышуусунда суракка алынып, кайра кое берилди. Тилекке каршы, бала өзүнө келе албай, бүгүн ооруканада каза болуп калды” деп билдирди милиция 24-декабрда.

Факт боюнча териштирүү иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости