www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын чыгыш штаты Трипурада автобус жүргүнчүлөрү менен капчыгайга кулап кеткен. Бул тууралуу NDTV телеканалы дарыгерлерге шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык эртең менен эрте Дхалаи округунда болгон. Жол кырсыгынын себеби азырынча тактала элек. Аталган кырсыктан 30дан кем эмес адам жаракат алган.

Жергиликтүү медициналык кызматынын өкүлү кабарлагандай, 22 жүргүнчүнүн абалы оор. Учурда алардын баардыгы ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Каза болгондор тууралуу маалымат жок.

Штаттын башкы министри Биплаб Кумар Деб ооруканага барып, жабыркагандардын дарыланууга кеткен бардык чыгымдарын өкмөт өз мойнуна ала тургандыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости