www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алгач ирет туристтер Индонезиядагы Ява аралына даңазалуу Кавах Иджен вулканын көрүү максаты менен гана барышкан. Капысынан алар аталган вулкандын туу чокусунан ачык көк түстөгү көлгө туш болгон. Ал эми анын тегерегин сары түстөгү таштар жана акактай газ агымы курчап турганы өзүнчө кепке арзый турган көрүнүш. Мындай укмуштуу картина сера деп аталган элементтин жардамы менен курулган. Вулкан очогунун оозунан чыккан сера элементи көлгө барып түшөт. Ал газдын курамындагы кээ бир элементтер менен концентрация болуп, көлдүн суусуна ачык көк жана ачык жашыл түстөрдү берип турат. Мындан тышкары, бул газдын жардамы менен Иджен көлү "Дүйнөдөгү эң кислоталуу көл" деген макамга ээ болгон. "Иджен вулканынан агып чыккан туздуу кислота көлдүн суусу менен аралашып кетип, аны азыркыдай коркунучтуу абалга алып келди. Ал кислота көп кармалган көлгө айланды", - деп жазат Quora сайтынын колдонуучусу Винай Сисодия. Бул укмуштуудай, ошол эле учурда коркунучтуу болгон көлдү эр жүрөк туристтер гана барып көрүшү мүмкүн. Жөө жүрүш үч саатка созулат.
Булак: "Ачык саясат"