www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстандын  өнүгүшү үчүн 100 идея”, “Идеялар жарманкеси”, “Кубулжу балдар ырлары”, “Биз XXI кылымдын болочок интеллектуалдарыбыз”, “Мыкты инновациялык долбоор”, “Чакан жана орто ишканалар менен иштешүү”, “Ойлоп табуучулар жана жаратмандардын жаңы мууну”, анын ичинде окуучулар үчүн техникалык ийримдерин жана технологиялык инновацияларды колдоо борборлорун ачуу максатында демилгелүү иштер жүрүүдө. Бул багыттагы маалыматтар менен тааныштырып КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Улан Сыдыков 22 – февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Чыгармачылыкты колдоо боюнча көп жылдан бери адабий долбоор да иштеп келет. Мисалы, жаш калемгерлердин “Саамалык” адабий альманахы. Бул жаш калемгерлердин тунгуч чыгармалары топтолгон адабий альманах 2000-жылдан бери жарык көрүүдө, - деген У. Сыдыков, - кечээки эл аралык эне тил күнүнө карата “Саамалыктын” 14-чыгарылышынын бет ачары өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Жаштардын чыгармачылыгына байланыштуу “Жети жаш автор”  деп аталган дагы бир долбоор ишке ашты. Мындай демилге 2009-жылдан бери иштеп келет. Бүгүнкү күндө 62 жаш автордун китеби басылып чыкты. Ошол долбоорлордун негизинде тунгуч чыгармалары чыккан деп белгилүү акындар Жылдызбек Турсунбаев, Улукбек Омокеев, Акбар Кубанычбеков, Калмурат кызы Турсунай, Сабира Шейшекеева, Элдияр Элчибектин ысымдарын атоого болот, -деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Быйылкы жылдын эсебинен “Жети жаш автор” долбоорунда Нускат Манкушева “Сүйүү багы”, Кымкарбек кызы Гүлайым “Жыйырма бешинчи жаз”, Алымкул Маликеев “Сүйүү тамчылары”, Айжамал Качкынбаева “Башат”, Чынара Абдраева “Шейиттер үнү”, Бекмамат Аргымбаев “Чыйыр”, Кадырбек Аблабеков “Аскердеги толгонуу”  жана Кайырбек кызы Нагиманын “Сирень” китептери жарык көрдү, - дейт Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору.

Ошол эле уктурууга катышкан жаш акын Кайырбек кызы Нагима “Сирень” китеби чыгармачылыктагы тушоо кесер биринчи жыйнагы  болгондугун билдирип, андагы эне, тагдыр, табият тууралуу ырларынан окуп берди.

Жазгүл Урмамбетова,

NazarNews.kg

 

Последние новости