www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда «Арзан турак жай» программасынын алкагында 4 миңге чукул үй-бүлө турак жай менен камсыздалды. 

-"Ушул кезге чейин каржы министрлиги тараптан 3,8 млрд сом алдык. Андан тышкары 321 млн сом уставдык капитал катары иштеп жатат. «Арзан турак жай» программасына быйылкы бюджетте 500 млн сом каралды. Өткөн жылдагыдай эле дагы 1 млрд сомдун тегерегинде карап чыгалы деп жатабыз",-  деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев «Марал» радиосуна берген маегинде.

2020-жылга чейин 8 миң үй-бүлөнү ипотекалык насыя аркылуу турак жай менен камсыз кылуу зарыл. Анын негизинде жалпы насыялык портфелди 4 млрд сомго жеткирүү керектигин кошумчалады.

Айта кетсек, өлкөдө «Арзан турак жай 2015-2020» программасы менен жарандарга үй берүү 2016-жылдын март айынан башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости