www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иракта мусулмандар Мавлид ан-Набауий же Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Бул күн Мосулдагы атактуу Аль-Баша мечитинде соңку беш жылдан бери биринчи жолу майрамдалып жатат. «Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы бул аймакты өз карамагына алганда, бул күн Куранда жазылбаганын жүйөө кылышып, аны белгилөөгө тыюу салышкан.

Бул күнү мечитке чогулгандар Мухаммед пайгамбардын өмүр жолун баяндаган, аны даңктап-мактаган диний ырларды аткарышат, куран окушат жана таттуулар таркатылат. Бул күн ислам календарынын үчүнчү айынын 12синде белгиленет.

Бул майрам мусулман өлкөлөрүндөгү бардык мечиттерде белгиленет. Ал эми кеңири шаан-шөкөттөр Сирия, Алжир, Тунис жана Мароккодо өтөт. Пакистанда бул күн расмий майрам деп эсептелип, үч күн эс алуу каралган.

Последние новости