www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын түштүгүндөгү Шахид Ражаи портунда болгон жардыруудан каза болгондордун саны кеминде 70 адамга жетти. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги өлкө бийлигинин билдирүүсүнө таянып жазды.
Ирандын ички иштер министри Искандар Момени жардыруу болгон жерде чыккан өрт 28-апрелдин кечинде өчүрүлгөнүн билдирди.
Белгилей кетсек, 26-апрелде Ирандын эң ири контейнердик порту Шахид Ражаиде жарылуу болгон. Жардыруу жакын жердеги эки имаратты талкалап, башка жүк ташуучу контейнерлерге зыян келтирген. 1000ден ашуун адам жарадар болгон.
Ирандын Ички иштер министрлиги жарылуу этиятсыздыктан, анын ичинде коопсуздук чараларын бузуудан улам болгонун билдирген.
Бүгүнкү күндө порт штаттык режимде иштеп жатканын Mehr агенттиги кабарлады.