www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран, Орусия жана Кытай 2022-жылдын күзүндө Аскер-деңиз күчтөрүнүн биргелешкен машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери билдиргенин Mehr News агенттиги жазды.

Машыгуулар Инди океанынын түндүк бөлүгүндө өтөөрү такталган. Пакистан, Оман жана башка мамлекеттердин да кошулушу күтүлүүдө.

Буга чейин Ирандын президенти Ибрагим Раиси АКШ өлкөлөргө каршы киргизилген экономикалык чектөөлөрдүн аркасында алардын жакындашуусуна салым кошуп жатканын айткан. Ошол эле учурда ал Вашингтондун санкциялык саясаты ийгиликсиз болуу коркунучунда турат деген пикирин билдирди.

15-сентябрда орус лидери Владимир Путин Иран менен эки тараптуу мамилелер мурда айтылган бардык багыттар боюнча өнүгүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуу жолунда Тегеран менен Москванын биргелешкен аракеттерин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости