www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүргөн жеринде чөп чыкпаган Канат Исаев кайда барбасын интриганын чордонунда кайнап, былгытып кетмей адаты менен элдин эсинде. Тээ Акаевден тартып, Бакиев, Атамбаевдердин айласын таап, колтуктарына кирип, аларды пайдаланып, кызыгы кеткенде сатып кетүүнүн туу чокусун көрсөтүп келет. Улам эрден чыккан катындай болуп, ким күчтүү болсо ошонун кол баласы болууну адатка айлантып алды.

Албетте, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке керт башынын кызыкчылыгын коргоо багытында. Болбосо, Кыргызстанды оңосо ушул киши оңп жиберет эле. Жыргатып кылган иши болсо айтышсын. Кыскасы, бул эрен интрига жаратууда, сатып кетмей жагынан алдына киши салдырбайт. Кайран эргул кызык эле киши. 2010-жылы парламентке Бабанов менен келип, аны сатып Атамбаевге кире качкан эле. Кийин 2017-жылдагы президенттик шайлоодо элге жек көрүндү болуп калган Атамбаевди сатып, кайра Бабановго чөгөлөп барганы талкуу жараткан. Шайлоодо Атамбаев сүрөгөн талапкер утуп, бул эрендин тилеги таш каап калган. Саясаттан сүрүлүп кетүү коркунучунда турган Исаев жогорудагы лөктөрдүн тилин тапканбы айтор, “Кыргызстан” партиясынын лидери болуп кайра шайланды.

Айрым маалыматтарда Исаев досу Шаршенбек Абдыкеримовду сатып, аны партиядан сүрүп салганы айтылууда. Исаевге тиштенген Абдыкеримов ачуусун оозуна ката албай, партиянын съездине атайы мас абалда келип, Исаевдин аброюн айрандай төккөнү каңкууланууды. Партия лидери болгон соң шадыраңдаган Исаев эл менен жолугушууларды өткөрүп, бизди бийлик колдойт, ажодон “добро” алдым деп эдиреңдеп жүргөнү чынбы? Өзүн өйдө сезип алган Исаев кайсы бир жолугушууда Чүйдүн тың чыкма активисттеринен кагуу жедиби? Исаев чын эле президенттен “добро” алдыбы, же ажонун атын сатып жатабы? Эгерде чын эле ажодон “добро” алган болсо анда президент Жээнбековдун “шайлоону таза өткөрөм, эч бир партияга жан тартпайм” деген убадасы жөн гана жел сөз болуп калабы? Эмнеси болсо дагы “чабал өрдөк эрте учат” демекчи, иритме Исаев эмитен бапылдап жүрүп шайлоого чейин канатын кайрып албайбы? Бул тууралуу «Факты кж» гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости