www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 28-сентябрда, “Азаттык” үналгысы Райымбек Матраимовдун жигиттери “Азаттыктын” операторун карактап кетти деген маалымат таратты. Ал маалыматка ылайык, Ош шаарында аталган радионун оператору Айбек Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Биз бул боюнча аты аталып жаткан Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго байланышып, экинчи тараптын жообун уктук.
- Саламатсызбы Искендер Исмаилович, кечээ, 28-сентябрда Ош шаарында сиздерге караштуу делген белгисиз төрт киши «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун видеокамерасын толук комплектиси менен тартып алды деген маалымат тарады. «Азаттык» оператору Айбек Кулчуманов дрон аркылуу шаарды тартып жүргөн эле деп айтууда. Окуянын чоо-жайы окурмандарга да кызык болуп жатат, кененирээк маалымат бере кетсеңиз. Негизи “Азаттыктын” журналисти дрон менен шаарды тартып жүрүптүрбү же Матраимовдордун үйүнбү?
- Мен буга чейин “Азаттыкты” Кыргызстандагы эң алдыңкы ММК катары эсептечү элем. Тилекке каршы, “Азаттыкты” ушунчалык деңгээли төмөн, дооматчыл, кыргыз элинин табиятына, менталитетине, кулк-мүнөзүнө, салтына туура келбеген, бөтөндүн сөзүнө кирип, жолунан адашкан, адилеттүүлүккө түкүргөн, ММК экенин эми толук түшүнүп жеттим. Ушунчалык төмөн деңгээлге түшүп алып, калың элдин эмес өздөрүнүн арам кызыкчылыгын ойлоп, “Азаттыктын” жоопкерчилигин жокко чыгарып, кара ниеттик менен кара мүртөздүк жолго түшүп алганына таң калып, “бир карын майды бир кумалак чиритет” деген макалга дагы бир жолу ынандым. “Азаттыкка” Райымбек Матраимов же Матраимовдордон башка жаңылык калбай калыптырбы?..
"Азаттыктын" жан-дүйнөсү жабыркап, өздөрү түшүп калган аңдан кантип чыгышты билбей өздөрүнүн ким экенин унутуп, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына кызмат кылып жатканы өтө өкүнүчтүү жана жийиркеничтүү. “Азаттык” чындыкты изилдегиси келсе, ниети түз болсо 28-сентябрда таңкы саат 7де дрон менен бирөөнүн жеке менчик үйүн тартмак эмес.
- “Азаттыктын” маалыматына таянсак, "дрондун пультун жана телефонун тартып алган" деп сиздерди айыпташууда...
- Булардын бет тырмачылыгы өтө таң калычтуу! Эмне Райым алардын колунан өзү тартып алыптырбы! Анда мыйзам чегинде жооп берели! Бул эмне деген доомат! “Азаттыктын” бет тырмачылыгына таң калдым, ал тургай таң калып бүтпөй турамын. Булардын бет тырмачылыгын карагыла: “биздин кымбат баалуу аппаратыбызды карактап кетти” деп “Азаттык” жазып жатат.
Биздин үй-бүлөнү эчен ирет иликтөө кылды, баарына алардын кызматтык "кылыгы" деп түшүнүп жүргөнмүн. Алардын кечээги жасаган кадамынан кийин, “Азаттык” катардагы "күлкүлүү" иликтөөгө өтүп алганын баамдадым. Албетте, “Азаттык” кыргыздын кыртышына өтүп, жасалма таңуулаган каралоосун таштабаса, ачуу чындыкты тандабаса, алардын кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына иштеген ириген-чириген иликтөөсү өтө эле жийиркеничтүү болуп калды.
- Таң калычтуусу, бул окуя эртең менен болуптур. А эмне үчүн сиздер тарап дагы, “Азаттык” дагы маалыматты кеч таратты?
- Эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Мен бул окуя боюнча түштө уктум. “Азаттык” кандай маалымат берет деп күттүм. Окуя болгондон кийин, Ыдырыс аркылуу менин кичүү иниме жардам сурап чыгышкан. Ал келип милицияга арыз жаздырган. “Азаттыктын” журналисттери мыйзамсыз үйдү тартканын Ыдырыс билген дагы эмес. «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов журналист Али Токтакуновдун “буюртмасы” менен келгенин айтты. Ал бир күн мурун Кара-Суудагы мечитти тарткан экен. Экинчи күнү үйдү тарткан. “Азаттыктын” журналисттерине “5 жылдан бери эле үйдү тартасыңар” деп өздөрүнө дагы айттым. Чындыгында 5 жылдан бери ошол үйдү бир эле “Азаттык” кайра-кайра тарта берет. 5 жыл тартканы аз келгенсип, кайра эле бул жолу да эртең мененки таңкы саат 6 менен 7нин ортосунда үйдү дрондун жардамы менен тартканы келишкен. Үйдө жүргөн жигиттин бетин жакын тартабыз дешкенби, айтоор “Азаттыктын” жөндөмү жок операторунун айынан дрон аппараты ал баланын башына түшүп, жабыркаган. Карап көргүлө, эртең менен эл жакшы ниет кылып, амандыгына кубанып, таңкы ырыскысына шүгүр кылып, уйкудан туруп жатса, эртең менен азандын аягында аларды ким “Матраимовдордун үйүн тарткыла!” деп кыйнады же эртең менен “Азаттыктын” журналистерин карактагандай Райымдин жигиттери таңкы саат 7де “Азаттык” келет” деп аларды күтүп олтуруптурбу? Калпты дагы жөнү менен айтып, дооматты дагы орду менен коюш керек да!
- Дронун жоготуп алган журналисттер үйдү тартканга уруксат алышты беле?
- Эч кандай уруксат алышкан эмес. Өз билемдик кылышкан. Дронун башкара албай калган оператор аны издеп жүрүп балдардын колуна түшүп калат, жигиттер бирөөнүн жеке менчигин уруксатсыз тартканы үчүн дронду жана пультун тартып алышкан. Андан кийин “Азаттыктын” журналисттери милицияга арыз жазган. Учурда журналисттердин сөзү эки ача чыгып, “эртең менен саат 7де шаарды тартып жүргөнбүз” дешүүдө. Ошол жерден башка жерге барып шаарды тартса болбойбу?! Булардын сөзү эки башка чыгып жатканы да таң калычтуу.
- Оператор да ооруп калыптыр деп уктум, ал качан ооруп калган?
- "Азаттыктын оператору кечке чейин жакшы эле жүргөн. Кызыгы, кечки саат 10дор чамасында оператор ооруп, ооруканага алып барышкан.
- Сиздер менен кимдир бирөөлөр ич ара сүйлөшүүгө чыктыбы?
- Ооба. Ыдырыс аким иниме, Райымдын өкүл баласына байланышка чыгып, “дронду берип койгула, эми мындан ары бири-бирибизге тийишкенди токтотолу”, деп айтыптыр. Кыскасы, “Азаттык” өзүн-өзү үркүтүп, өздөрүнүн баалуулугуна өздөрү түкүрүп алды. Минтип акыйкаттыктын артында тирей турган мааниси, чындыгы жок иликтөөсү бир күнү өздөрүнө кусуру тиет, алар Кудайдан корксо болмок.
Биз менен маекте Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов болду.
Булак: NazarNews.kg