www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Исхак Абсаматович, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитетинин жыйынында Курманкул Зулушев экөөңүздөр сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды. Анын маңызы эмнеде?
– Анын негизинде Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга беш-алты өзгөртүү киргизилди. Эң негизги өзгөртүү – бул 12-берененин жокко чыгарылышы. Себеби, ал беренеде «экс-президент кол тийбестикке ээ» деген сөз бар. Дал ушул берене Конституцияга дал келбейт. «Өткөөл жободо эгерде кайсы бир мыйзамдардын эрежелери Конституцияга дал келбесе, ал күчүн жоготот» деген жалпы принцип бар. Бирок, ошого карабастан айрым юристтер «мыйзамда көрсөтүлгөн эмес» дешкендиктен, биз оңдоо киргизгенге мажбур болдук.
– «Бул мыйзам конкреттүү бир кишиге карата жазылган» деген пикирлер айтылууда. Буга кандай дейсиз?
– Бизде бир эле экс-президент бар. Ошондуктан, бул мыйзам ага тийиштүү катары айтсак болот. Бирок, негизи мыйзам «баланча же түкүнчө үчүн» деп жазылбайт. Биз Конституцияга дал келбеген норманы жокко чыгарып жатабыз. Ал кимге таасир этет? Иштеп кеткен жана иштеп жаткан президенттерге түздөн-түз тиешеси бар.
– Бирок, кээ бир юристтер «мыйзам буга чейинкилерге таасир эте албайт, демек, Атамбаевге тиешеси жок» деп айтып атышпайбы?
– Мен ага кошулбайм. Юристтердин пикирлери ар кандай болот да. Мисал үчүн мени (мен да юрфакты бүткөм) минтип үйрөткөн: эгерде сен мыйзамды өзгөрткөн учурда кылмыш боюнча жазаларды өзгөртсөң, оорлоштурсаң, анда анын мурдагыларга таасир эткенге күчү жетпейт. А эгер чара колдонсоң, камалары же соттолору боюнча талап киргизсең, анда анын деле күчү болбойт. Бирок, бул жерде «жоопкерчилиги болушу мүмкүн» деген маселе болуп жатат да. Өзүңөр деле ойлоп көрсөңөр, президент болгонго чейин же президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмыш жасаса, эмне, таптакыр жоопко тартылбашы керекпи? Ким болбосун, кайсы гана кызматта иштебесин, мыйзам бузса жоопко тартылышы керек. Башкы прокурор иш козгоп, корутундусун Жогорку Кеңешке жөнөтүп, парламент макул болсо, азыркы иштеп жаткан президентти деле жоопко тартса болот. Ал эми экс-президент болсо абсолюттук кол тийбестике ээ болуп калган. Ошондуктан, биз сунуш берип жатабыз.
– Бул мыйзамга жакында эле болуп өткөн курултай таасир эткен жокпу?
– Жок. Биз май айынан бери айтып келаткан сөздөрдү алар кайра кайталашты. Экинчиден, Конституция боюнча курултайдын чечими кеңеш берүүчү гана күчкө ээ. Андыктан, курултайдын эч кандай таасири жок. Билбейм, эртең добуш бергенде курултайдын чечими айрым депутаттарга түрткү болушу мүмкүн. Бирок, акыркы курултайды «жакшы, мыкты даярдалган» деп айтыш кыйын. Аны биринчи кадам катары гана эсептеш керек.
Булак: "Азия ньюс"