www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Депутаттардын дагы кол тийбестиги бар деп мыйзамда каралган. Кол тийбестикти өзүңөрдөн алып салууну эмне үчүн көтөрбөйсүңөр?
— Парламенттин уруксаты жок эле Канат Исаевди, Өмүрбек Текебаевди камады, Салянова, Шыкмаматовду жоопко тартты. Мыйзам боюнча кол тийбестик деп аталганы менен азыр оперлер деле коркутуп жүрөт. Депутатты сүйлөгөн сөзү үчүн жоопко тарта албайт. Прокурор каалаган депутатты оор кылмышка тийешеси бар деп камап таштайт. Сотко барганда башка берене менен соттолот. Нариман Түлеев депутат болуп турганда оор, коркунучтуу берене менен камакка алынган. Сотко барганда чарбалык берене менен соттоп жиберишти. Ал берене менен соттош үчүн депутаттардан макулдук алыш керек болчу. Алган эмес. Прокуратура каалагандай кылып жатат. Депутаттардын кол тийбестиги формалдуу түрдө бар, практика түрүндө жок.
— Сиз депутаттар аракеттеги президентти кийинки парламентке өзүңдүн партияңды алып келишиң керек дегенге түртүп жатат деп айттыңыз. Азыркы президент дагы өзүнүн партиясын кийинки шайлоодо алып чыкканга аракетин жасайбы?
— Эгер биз кол тийбестикти алууда оорлошкон жолун кабыл алсак, ал киши айла жоктон өз партиясын парламентке алып келет. Экс-президент жөнөкөй жаран болуп калса, каалайбы-каалабайбы аны парламентте сени коргоп турган топ болушу керек деп сөзсүз лобби кылганга түртөт.
— Бүгүн депутат болуп олтургандар кийинки чакырылышка кайра келип, бүгүнкүдөй болуп бирөөнү коргоп олтура береби?
— Азыркы депутаттардын 70 пайызы кайра келбейт. Партия лидерлери азыр жанында олтургандардын бир тобун албайт. Себеби, укпай коюшту, шеф дебей калышты, 3–4 топко бөлүнүп кетишти, добуш бергенде каалагандай добуш берип жатышат. Каалаганга кызмат кылууда. Бул биринчиси. Экинчиден, бир топ депутаттар өздөрү шайлоого барбайт. Катышканга каражаты жетпейт. Каражат жетпеген соң аларды эч ким тизмеге кошпойт. Бирок, так ушуга окшогон кыз-жигиттер келет.
- 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялардын тизмеси Ак үйдүн жетинчи кабатында чечилген. Кийинки шайлоодо дагы тизмелер жетинчи кабатта түзүлөбү?
— Андай болбойт. Себеби, азыркы президентке абдан оор болуп турат. Мурункулардын бирөөсү аянтта бийлесе, экинчиси ыр жазып жүрсө деле өз көз караштарын айтат болчу. Азыркынын мүнөзү башкачараак. 100 пайыз шайлоону көзөмөлдөйт дегенден алысмын. Барган сайын коом дагы өзгөрүүдө. Жаш жигиттер чоңоюп жатат. Алар эч кимди укпайт. Акча табылат. Балдар азыр эле даярданып жатышат. Ошондуктан Ак үй айткандай болбойт. Ак үй өзүнүн партиясын өткөрүп алса ошого Кудайга шүгүр деш керек.
Булак: "Жаңы Ордо"