www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чаткалдагы кенге байланышкан маселелерди пост коюу менен чечүүгө мүмкүн эмес. Негизги маселе көп жылдардан бери мыйзамсыз казылып, аткезчилик жол менен ташылып жаткан сурьмага байланыштуу. Бул райондон чыккан депутат катары ал көйгөйлөрдү ичинен билем. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов билдирди. Ал мыйзамсыз ташылган сурьмадан казынага эч кандай пайда түшпөй турганын кошумчалады.
“Негизинен район боюнча кен иштетүүгө 158 лицензия берилгени менен анын үчөө же төртөө гана негизги кен казуучу жайлар, калгандарынын баары чачыранды кен байлык менен иштешет. Ал чачыранды кендерден бюджетке болбогон эле, тыйынга тете гана каражат түшүп жатат. Жолду бузуп, сууну булгап, токойлорду кыйгандар дагы ушулар. Бизге мунун кереги барбы? Булганган суунун айынан 2 райондун эли жапа чегип келет.”,-деди Пирматов.
Эл өкүлү чачыранды кендерди иштеткен компанияларды жаап, жумушчу орун түзүп, салык төлөгөн негизги компанияларды гана калтырууну сунуштады.
Булак: NazarNews.kg