www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Издөөдө жүргөн Тилекмат Куренов кыргыз элине кайрылды

Элибиз тезинен бир муштум болуп ынтымака келип, чечкиндүү кадамдарга барбасак мамлекетибиздин баардык баалуу, стратегиялык рычагдарынан айрылып калуу коркунучу турат. Мындай пикирин жарандык активист Тилекмат Куренов "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу билдирди.

"Урматтуу Кыргызстандыктар.

Бүгүнкү күнү өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, мамлекеттин бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер эмес Кыргызстандын жарандары тарабынан “Күч” Бириккен Элдик Кыймылы түзүлдү. Бул кыймыл баардык жүрөгү “Мекен” деп соккон мекендештердики, жалпыбыздыкы. 

Элибиз тезинен бир муштум болуп ынтымака келип, чечкиндүү кадамдарга барбасак мамлекетибиздин баардык баалуу, стратегиялык рычагдарынан айрылып калуу коркунучу турат. 

Эки үй-бүлөнүн кландык башкаруусуна каршы туруп, саясий жана укуктук башаламандыктарга мындан ары жол бербеш үчүн биригип “Күч” боло турган учур келди.

Мамлекетибиздин келечегин, адилеттүү өлкө курабыз деген аруу максатыбызды мыйзамсыз бийлике тебелетпейли. Мындан ары кол куушуруп карап отурууга эч кимибиздин акыбыз жок", - деп жазган Куренов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости