www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тель-Авивде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, бычак менен кол салуудан кеминде сегиз киши жаракат алды. Бул тууралуу The Jerusalem Post кабарлады.

Социалдык тармактардагы видеого караганда, унаа тротуарга чыгып кетип, бир нече жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу унаадан чыгып, өтүп бара жаткандардын бирине бычак сайган. Бир жабырлануучунун абалы оор экени кабарланууда.

Полициянын маалыматы боюнча, кол салган адам Иордан дарыясынын батыш жээгинде жашаган палестиналык болгон. Ал 20 жашта болчу жана Израилге дарылануу үчүн кирген. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, кол салган адам жалгыз аракет кылган, бирок полиция дагы бир нече шектүүнү кармаган.

Полиция кол салуулардын саны көбөйүшү мүмүн экенин божомолдоодо, ошондуктан Израилде коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Израил Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Женин калаасында дүйшөмбүдө операция баштаган. "Женин бригадасы" радикал түзүмүнө жана согушкерлерге каршы деп мүнөздөлгөн операцияда бир канча адамдын өмүрү кыйылып, ондогону жараат алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости