www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын Президенти С.Жээнбеков коопсуздук кенешинин жыйынында өлкөдөгү башаламандыкты жоюу маселесин так жана жөндүү аргументтеп көтөрүп чыкты. Өлкө башчысы мамлекет менен коомдун биргелешкен күч-аракеттери акыркы жылдарда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча улуттук системаны түзүү жолунда Кыргыз Республикасында олуттуу кадам жасоого мүмкүндүк бергендигин белгиледи. Бул албетте, көпчүлүктү сүйүндүрбөй койбойт.
Ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда ажобуз өлкөдө болуп жаткан эн маанилүү, көйгөйлүү суроолорго конкреттүү жооп берди. Чындыгында Президенттин ой жүгүртүүсүн жана эл алдында чыгып сүйлөгөн сөзүн көпчүлүк канааттандырарлык деңгээлде баалап жатат. Бирок, анткени менен, президентибиздин кеби айрым учурларда анын командасы тарабынан толук кандуу ишке ашырылбай калууда. Арийне, өлкө башчысынын сөзү кол алдындагы кызматкерлердин, жетекчилердин алдында суу кечпей калып жаткандыгы жалпы журттун назарында. Бул тууралуу Президент өзү кабардар болбой калып жаткан шекилдүү.
Анткени, Президенттин Коррупцияга каршы жүргүзгөн саясатына жана талабына карабастан, эл ичинде коррупциялык элементтердин күндөн күнгө жайылып жатканы, сот, прокуратура, милиция органдарында коррупциянын көнүмүш адатынча гүлдөп, өркүндөгөнү байма бай айтылып келүүдө. Бул жагдайдын кайсы бир деңгээлде чындыгы бар. Ооба, Сооронбай Жээнбеков учурда 200дөй коррупцияга каршы кылмыш иши козголгондугун маалымдады.
Эске салсак, прокуратура системасын талкалаган Аида Салянова менен Индира Жолдубаеванын убагында коррупцияга каршы 6000 - 8000 миң кылмыш иш козголуп, бирок, тандалган кылмыш иштери гана сотко жеткирилген.
Анын ичинде бийликке каршы, коркунуч туудурган, көз карашы туура эмес саясатчыларды абакка отургузушкан. Мыйзамды одоно бузуп, соттор Атамбаевдин буюртмасын аткарып, далай саясатчыларды түрмөгө камашкан. Ал эми кылмыш иштер пара алуу аркылуу жабылып келгени жөнөкөй адамга деле белгилүү болгон.
Бул иштерди кайрадан карап чыгып, керек болсо, ошол соттордун ишин терищтирсе, далай иш ачыкка чыкмак. Балким, президент Сооронбай Шарипович, 200 кылмыш иш козголгондугуна кубанып жаткандыр, бирок, анын айланасындагы кошоматчылар дагы далай иштерди көмүскөдө калтырып, орто жерден пайда таап жүрүшкөңдөй. Болбосо, канчалаган арыздар жазылганы менен канааттандырылбай, “отписка” менен гана жооп берилип келет. Сыртынан караганда, коррупцияга каршы иш жүргөнсүйт, бирок, дагы эле экс-президент Атамбаевдин тушундагыдай көпчүлүк учурда тандалган кылмыш иштер гана тергелип, бийлик, тергөө органдары эски илдеттен арыла албай келе жатат.
Эмне үчүн ачылган кылмыш иштери ачыкка чыкпайт?
Себеби жарандарыбыз канчалаган арыздарды жазса, күч органдарына ошончолук тымызын акча булагын түзүп берип жатышат. Мындай системалашкан коррупциянын айынан кызмат абалынан кыянат пайдаланган бир ууч топ, айталы, күч органдарында “эмгектенген” айрымдар гана байып, сол чөнтөккө солонгон каражаттын эсебинен балдарын чет өлкөлөрдө кымбат акы төлөнгөн окуу жайларда окутуп, аялдары кымбат жолдомолор менен чет өлкөлөрдө шапар тээп, сайран куруп, зангыраган хан сарайларды куруп, жеке байлыктарын, мүлктөрүн туугандарына жаздырып коюп, жашоонун “дооронун” сүрүп жатышпайбы. Мамлекетибиз үчүн мындай терс, карапайым элдин жонунан кайыш тилген көрүнүштү кантип эле президентибиз билбейт. Паранын көлөмү жылдан жылга көтөрүлүүдө, миллион доллар айрым чиновниктер үчүн кеп болбой калган учуру. Бара-бара мамлекет мындай уурулукка туруштук бере алабы деген суроо туулат, анткени, акыркы чекке жакындап калдык.
Кантип уурулукту токтотобуз? Бул риторикалык суроо. Сөзүм куру болбос үчүн айта кетейин, жакында Тогуз-Тородогу атайылап уюштурулуп, өрт коюунун кесепетинен, алтын ылгоочу комбинат өрттөнүп кетти. Бул ири кылмыш иши боюнча, бир нече жолу жалпыга маалымдоо каражаттарына макалалар жарык көрдү. Өкүнүчтүүсү, күч органдары адекваттуу чара көрбөй, паракорлук менен алектенип, кылмыш иши жабылып калды.
Майнап чыкпагандан кийин айла кеткенде КРнын Президентине, КРнын Башкы прокуратурасына, Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылсам дагы, натыйжа болгон жок. Ошол эле убакта Тогуз-Тородогу алтын комбинатына өрт коюлушу коомчулукка жаман илдетти пайда кылды. Күч органы бир дагы чара көрбөгөндөн кийин, өлкөгө чынжырлуу реакция берип, эми Чаткалдын Терек-Сайында дагы жаңжал чыкты, күч органын мыйзамсыз иш кылгандын кесепетинен, бул өкмөттүн коррупцияга баткандыгынын белгиси дебегенде эмне дейбиз. Тогуз-Тородо дагы милиция кызматкерлерине кол салынып, милициянын кызматкерлери жарат алган. Бирок, аларды тепкилеген зөкүрлөр жазаланган эмес, кылмыш ишти жаап коюшкан.
Эми дагы Терек-Сайдагы жаңжал акча менен басылып, кылмыш иш кыскарылат. Кылмыш жазасыз калса, кайра эле кылмышты жаратат эмеспи. Ошол эле Терек-Сай, Чаткал өрөөндөрүндө алтын концентраттар уурдалып жаткандыгын жергиликтүү эл көрүп, билип турат. Жогорку Кеңеште канча жолу маселе көтөрүлүп, аягына чыкпай келген, депутаттар дагы акча алгандан кийин үн катпай калган адаттары бар.
Ушундай жат нерсе Кыргызстандын булуң-бурчуна чейин орун алып отурат, анан кантип оңолобуз, анан кантип коррупцияны жоебуз?
Сооронбай Шарипович чекке жетип калдык, өлкөнү сактап калуу барыбыздын милдетибиз. Өлкөнү, сизди дагы уурулар тегеректеп олтурат, алар макташат, бирок, чындыкты биз айтабыз. Эл жакка ооп, жазган малыматты карап, көзөмөл кылып коюнузду суранам. Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу комбинатына байланыштуу арыздар текшериле элек, минтип отурса менин өмүрүмө дагы коркунуч туулбай койбойт деген ойдомун.
Качкынбек Булатов, укук коргоочу.
Булак: NazarNews.kg