www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, союз кулаганы элдин ырыскысын мансабына салып ашыкча жеп, чоң тоюп алып сиңире албай калгандар, элге батпай бөтөн элдин эшигин сагалап, элдин жүзүн карай албай, издөөдө жүргөндөрдүн саны арбын.
Алардын катарын Нурлан Сулайманов деген кыраан дагы толуктайт.
Бул кишиге издөө салынып, барбаган жер, кыдырбаган эл калбай калган эле. Бирок, мындан эки жыл илгери Бабанов ажолук такка ат салышканда “Нурлан Сулайманов Алайда ак боз бээни саадырып, кымыз ичип, жайбаракат эле өз күнү көрүп жатат “ деп айткан. Бирок, издөө салган тарап ал кишини көрсө башка жактан издеп убара болуп жатышканбы, аны ачык айтып да болбойт. Бул эми бала-бакчадагы баланы алдагандай эле иш болуп жатпайбы.
Айткандай тоок уурдагандарды алеки саатта табышат да, миллиондорду уурдап, элди карызга батыргандар жанында эле жүрсө аны көрбөй калган тартип сакчыларынын көздөрү эмне деген көз.
Илгери мындай алдым-жуттумдарды “эл душманы” деп кулакка тартышчу эле. Ал эми азыр аларды өлкөдөн качып кеткенге шарт түзүп берип коюп, издөө салгандын кимге канча кереги бар? Өз элине кастык кылган шылуундарды сазайын берген бир чыгаан чыкса, ага эл дагы ыраазы болот эле. Бирок, эл үчүн жаралган уул качан чыгат болду экен?
Ошол алдым жуттумдардын катарында экс премьер министр сапар Исаков да бар экени айкын болду. “Акмын” деп карандай какшаган Сапар Исаковдун иши азыр өтө эле опурталдуу болуп жатат. Ага да убагында “качып кет” деп жакшы эле айтышыптыр, бирок, качпай коюп былыгы улам чыгып жатканы үшкүрүктү пайда кылып жатпайбы, кашайып. Качып кеткенде ага да издөө салынмак, бирок кичи мекени болгон Кочкордо кымызын ичип жүрө бермек, жогору жакка берчүүсүн берип коюп.
Тилди албаган мына ушундай болот экен го?
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg