www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан бодо малдарды уурдап, аларды мыкаачылык менен союп, этин сатып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын июнь айларынан бери белгисиз адамдар тарабынан Кадамжай районунун Үч-Коргон аймагында жашаган жашоочулардын бодо малдарын түн ичинде короосундагы мал сарайынан, үлүш жеринде байланып турган жеринен уурдалып жүргөндүгү боюнча Кадамжай РИИБне айыл тургундары арыз менен кайрылышат.

Кадамжай РИИБнун кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 27жаштагы П.К. аттуу тургуну жана Ноокат районунун тургуну И.Ш. аттуу 31 жаштагы аял киши, Үч-Коргон айылынын 27жаштагы А.Н. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан, ал эми Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы Н.О. аттуу тургуну Бишкек шаарынан кармалып келди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 3 эркек 1 аялдан турган бул топ, Үч-Коргон айыл аймагынан жалпысынан 5 факт, башкача айтканда, 10 баш бодо малды уурдап, Кызыл-Кыя шаарындагы ээн талаада аларды мыкаачылык менен союшуп, этин эт саткан дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп жүрүшкөндүгү аныкталды.

Азыркы күндө жогоруда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости