www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына аткезчилик жол менен алынып жаткан күрүчтүн партиясын кармады. Кармалган товар болжол менен 6-7 тонна түзөт.
Текшерүүлөр көрсөткөндөй, Кадамжай районунда узак убакыттан бери Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ иштеп келген. Топ бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуп, Фергана-Чоң-Кара-Кадамжай жолу аркылуу ар кандай керектөө товарларын мыйзамсыз ташып келген.
Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттин жарандары Өзбекстанда көп өлчөмдө күрүч сатып алышкан. Анын негизинде алдын ала пландаштырылган схема боюнча товарлар Кадамжай районунун транзиттик аймагынан Өзбекстан Республикасынын Чоң-Кара анклавына жеткирилген, андан кийин мыйзамсыз чыгарылып, Кыргыз Республикасында сатылган.
Учурда аткезчиликке тиешеси бар Кыргыз жараны М.Н.А. тергөө алдында турат.
Кыргыз Республикасынын УКМК республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча чараларды улантууда. Азыркы учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатат.