www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балким көп эле жолу уккандырсыңар – сынык идишти же жарака кеткен күзгүнү үйдө кармабайт. Биоэнергетик адистер дагы муну тастыкташат. Эмнеге?

Анткени, кандай гана жыртык, тешик, жарака болбосун алар өзүнө жагымсыз энергетиканы топтоп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер үйдө сынык, талкаланган же бузулган буюмдар болсо, анда алар, ден-соолукка жана психикалык сезимге доо кетирүүчү жагымсыз энергияны айланага таратышат. Жыйынтыгында үй тургундары оорушат, бири-бири менен урушушат. Ал турсун тоталдык жол болбоо тилкеси дагы пайда боло баштайт.  

Айрыкча сынган күзгү балээге алып келет. Ооба эгер кичинекей күзгү сынып калса ыргытып саларыбыз ырас. Бирок, күзгү чоң, айрыкча, антиквар болсочу? Албетте, мындайларды ыргытып салууну ыраа көрбөгөндөр көп. Ал турсун күзгүнүн бети желе сымал жарылса дагы. 

Биоэнергетиктер алардан эртерээк кутулууну сунушташат. Айрыкча күзгү канчалык чоң болсо, балээси дагы ошончолук чоң болот. Ал үчүн коркунучтуу бир фильмден көргөн, күзгү ичиндеги кара күчтү эстеп көрсөңөр. Мына ошол кара күч чындыгында эле бар. Андан кутулгуңуз келеби? Ойлонуп өзүңүз чечим чыгарыңыз! 

Макала "newsles.ru" сайтынан алынып, кыргызчага которулду.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости