www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн Нарын областындагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматынан шыпшырыла тургандыгы коптон бери айтылып келе жатканы көпчүлүккө маалым. Ал күн дагы жакын калганы Ак үй тарапта кеңири айтыла баштады. Дегенибиз, жыл башында мына кетет, ана кетет болгондо Аманбай мырза ортого киши салып атып, «май айына чейин иштей турайын, анан арызды өзүм жазып берем» ден «касам» ичиптир. Убакыт деген учкан куш дегендей көз ачып жумганчакты май айы келип калды. Бирок, Аманбай мырза эртең же бүрсүгүнү кетет деген күнгө жакын калганда кайрадан жойпуланып, кызмат өмүрүн «узартуунуу» арга-амалын издеп баштаганы неси? Кыргызда «жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн» дейт. Убада оозунан чыккан соң айтканын аткарып, кетип калбайбы тырмышпай. Кызмат атасынан калган мурас эмес да.
Булак: Де-Факто