www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылга пландалган Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо ишинде дарактар кыйыла баштаса митингге чыгарын "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди.

- Жаз келгенде жолдорду реконструциялоонун экинчи фазасы башталат. Дагы 49 көчө оңдолот. Биз мэрияга кат жазып, биринчи фазадагы каталарды кетирбей, баарын эске алалы деп кайрылганбыз. Андан кийин тийиштүү адистер менен жолукканбызыда алар Жунусалиев көчөсүндөгү 310 дарак кыйыла турганын айткан. Эмне себептен кыйылат десе автоунаа токтотуучу жай жасайбыз дейт. Кайта эле дарактарды кыйышат экен. Биз же экологияны сактайбыз, же машинелерге жер жасап беребиз. Эгер бак-дарактарды кыйса, митингге чыгабыз, - деди Умуралиева.

2018-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарынын архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, долбоорду ишке ашыруу пландарын талкуулаган. Калича Умуралиева мэриянын өкүлдөрү менен бул жылы дагы сүйлөшүүлөр болорун кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда? былтыр борбор калаада 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Мэрия бак-дарактарды кыюу инфраструктура үчүн аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна былтыр жети көчөт отургузулганын маалымдаган.

Бишкекте тал-теректерди кыюуга каршы бир катар нааразылык акциялар өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости