www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиев, Кыргызстанга ызы-чууну каалаган, музейде жылаңачтар тууралуу калыс пикирин айтып, бийликке кайрылуу жасады.
Урматтуу уюткулуу Кыргыз элим!
Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул акмактар, гей-пей, ошолорду баштаган колдогон Роза Отунбаева башында турган жана чоң кызматтарда иштеп жүргөн бир топ адамдар жок кылат!
Мамлекетти сактап, каада салты, тарыхы жана келечеги менен кийинки муундарга өткөрүп берүү милдетибиз. Бардык колдо болгон мүмкүнчүлүктөр менен күрөшүшүбүз керек.
Мамлекет башчыбыз, укук коргоо органдары чара көрүңүздөр, бул жерде элдин тагдыры турган жерде жумшактыктын кереги жок, колдон келбесе, дух жетпесе, анда айткыла жардам беребиз! Кыргыз элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз. Чочулабагыла бул "шпиондордон", элибиз колдоп алат! - деп билдирүү таратты Камчыбек Ташиев.
Ал эми, активист Назира Бегим, "Жийиркеничтүү иш-чарага Экс-президент Роза Отунбаева барып катышты. Бир кезде улуттун энеси болгон аял катары “койгула жаштар, мындай биздин салтка туура келбейт”-деп айтуунун ордуна, аларга дем берип, ырсайып алып сүрөткө түшүп жүрдү. Мындай осол ишке аралашканы үчүн Отунбаева эл тарабынан жазаланышы керек. Улутка, келечек муунга коркунуч жараткан иш-чарага катышкандыгы үчүн, Роза Отунбаеванын “экс-президент” макамын ажыратууну сунушайм", - деп жарыялады.
Булак: NazarNews.kg