www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-вице-премьер-министр Камила Талиева менен болгон маек.
- Камила эже, чек ара чыры чечилбей эле жылдан жылга курчуп бараткандай, Анын чечүүнүн жолу барбы?
- Чек ара чырына чекит коюлушуна деле көз жетпей калды. Бул чиеленген чек ара чырына эң алгач эгемендик алган жылдары эле Акаев чекит коюп, ың-жыңсыз, көйгөйсүз жашоого (чек ара боюнча) жол салып койсо болот эле. Ал мезгилде кошуна мамлекет болгон тажиктер деле мыңчалык саясатташып кете элек болчу. Аларда өздүрүнүн ички саясаты күч болуп турган. Акаевдин 15 жыл мамлекеттик башкаруусунда чек ара "рак" ооруусунан башка, бизге "Кумтөр" рагын белекке калтырды да, өзү качып кете берди. Бүгүн сайрандап юбилей өткөрүп, сыртта жүрбөйбү. Кийинки президенттер деле батынып, саясий күчтүү эрк менен чече албай, бүгүнкүгө чейин Чубактын кунундай чубалып келди. Эми, мындан ары сабыр кылып күтүп келген элдин чыдамы да акыркы чекке жетти. Чечилбеген маселе болбойт, албетте жолу бар, ал үчүн эки элдин өлкө башчылары саясий даанышмандык чечимин кабыл алышса болот, эки элге тең зыяны тийбегендей, улуттук кызыкчылыктар бирдей сактала турган чечим болушу абзел. Ал үчүн тарыхый документтер негизги курал болушу турган иш.
- Жеңиш Раззаков Тажикстан менен жер алмашуу боюнча суйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Жер алмашсак эле маселе чечилип калабы?
- Өкмөт аралык комиссия деле дээрлик ондогон жылдардан бери өз функциясын толук кандуу аткара албай келишет. Тажик тарап менен жер алмашуу, деген маселе да айла жоктон айтылган "айласыздык" ыкма. Мунун да кооптуу жактары бар, тарых астында көп катага жол берип, "чырпыгын алам деп, көзүн оюп алыптыр", болбош керек.
- Артынан түрдүү сөз ээрчиген Жеңиш Разаковдун ишинен жыйынтык чыгат деп ишеним артсак болобу?
- Жеңиш Разаковго чейинки деле комиссия жетекчилери да маселе чече алган эмес, мындан кийинки келгени да чече албайт. Эгерде лидерлер саясий эрк менен жоопкерчиликти моюндап, чечим кабыл алышпаса... Чынында маселе Разаковдо эмес....
- Баткендеги өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү "чек арада чагым уюштургандар камалыш керек"деген оюн айтты. Ал туура эле айттыбы же аша чаап кеттиби?
- Губернатор аша чаап кетти, антип айтканга моралдык укугу жок. Мындай оор кырдаалда элге тиш кайрабай, кайра дух берип, чек арада өзү туруш керек болчу. Ансыз да кыйналып турган элди кодулаган туура эмес. Губернатор маселе чече албаса да, жок дегенде элге дем болуп, эл менен бир аяктан суу ичип туруусу керек эле...
Бетти даярдаган Чынайым КУТМАНАЛИЕВА
Булак: “Майдан.kg”