www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Полковник Канат Жумагазиев Ысык-Көл ОИИБ начальнигине Бишкек ШИИБден которулуп кеткен. Коомчулук күбө болду. Борбор калаанын башкы милициясы катары Бакыт Матмусаев келгени мурдагы ырааттуулук жоголуп, коомдук-коопсуздук абал начарлап отуруп, акыры Айзаданын өлтүрүлүшү менен митингдер, ызы-чуулар коштолду.

Дүйнө жүзүнө жаман жагыбыздан дүңгүрөдүк. Акыры Матмусаев шалаакылыгы үчүн кызматынан айдалды. Эсибизде, Канат Жумагазиев иштеп турганда кырсыктардын алдын алууга кам көрүлүп, эгерде оор кылмыштар катталса, тез арада из суутпай табылчу, чара көрүлчү.

Натыйжада, каарманыбыз Ысык-Көл облусуна которулуп кеткенден кийин анын баркын сезип отурабыз. Негизи эле Канат мырза кайсы жерде иштебесин, сергектиги, билими жана бай тажрыйбасы менен көп жетекчилерден айырмаланып турарын билебиз.

Мындай кадрлар милиция менен элдин ортосун жакындатып, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, коопсуздукту ишенимдүү түрдө камсыздайт. Көз тийбесин!

Булак: Азия News гезити

Последние новости