www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаев бүгүн, 22-январда өлкөнүн энергетика тармагын тейлеген жетекчилер тобун кабыл алып, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан менен биргелешип ишке ашыра турган CASA-1000 долбоорунун азыркы абалы, долбоордун эл аралык каржы уюмдары тарабынан каржыланышы жаатында пикир алышты.

Депутат Канатбек Исаев кезинде кыргыз парламенти тарабынан CASA-1000 долбоорунун Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын төрт өлкөсүн электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курула турган жаӊы электр тутумунун маанисин баса белгилеп, Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында эмнелерди аткара ала турганына, эмнелерди аткара албасына кызыкты. «Биз бул долбоор боюнча келишимдин талаптарын толук аткара алабызбы? Эгерде аларды аткара албасак, анын кесепеттери кандай болот?», - деген собол салды.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев ушу тапта CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга 3 эл аралык каржы уюмдары менен 133 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя алуу боюнча макулдашуулар бар экенин билдирди. «Келишим 2018-жылдын октябрь айында күчүнө кирди. Жогорку чыӊалуудагы жаӊы энергетикалык тутумдун жалпы узундугу 450 чакырымды түзөт, анын 125 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүгө тийиш. Буюрса, 2022-жылга чейин муну жүзөгө ашырабыз», - деди ал.

Андан тышкары, келишимге ылайык, Кыргызстан жаӊы энергетикалык тутумга жылдын май-октябрь аралыгында 1,5 млрд кВт/саат көлөмүндө электр энергиясын бериши керек экени белгилүү болду. Кыргызстандын электр энергиясын 3,5 центтен экспорттоого 15 жылдык кепилдиги бар. CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жүрүмүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети көзөмөлдөйт, электр энергиясы менен «Электр станциялары» ишканасы камсыз кылат, ал эми электр энергиясын «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасы жеткирет.

Депутат Канатбек Исаев жакында CASA-1000 долбоору боюнча маселеге кайра кайрылып, Жогорку Кеӊештин депутаттары менен тийитүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге кеӊири талкуулоо максатында, өзүнчө иш-чара өткөрүү ниети бар экенин айтты. «Келишимде көрсөтүлгөн 1,5 млрд кВт/саат электр энергиясы өтө чоӊ көлөм, аны өз маалында камсыз кылып бере алабызбы? Бул өтө маанилүү маселе, кандай болбосун, биз CASA-1000 долбоорунун алкагында эмнелерди аткара алар-албасыбызга азыртан так жооп алышыбыз керек», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости