www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Жазга карай Кыргызстандагы саясый кырдаалдын оорлошо турганын сырткы да, ички дагы эксперттер айтууда. Кандай негиздер элдин нааразылыгын жаратышы мүмкүн? Же абал тынч эле болобу?
- Салтка айланып калгандай, Кыргызстандагы саясый абалдын курчушун “жазында” же “күзгүндө” деп жылдын эки мезгилине бөлүп алуу бизде трендге айланып калды. Өлкөдөгү саясый абалды туруктуу кармап туруу, эч кандай эскалацияга жол бербөө – бул бийликтеги чечим кабыл алуу тобунун тикелей милдети.
Парламенттик шайлоодон кийинки айрым саясый партиялар менен саясый лидерлердин нааразылыгы белгилүү бир убакытка чейин токтоду. Мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы 25-декабрда министрлер кабинетинин жыйынында 2020-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү саясый, экономикалык, социалдык кырдаалга токтолуп, баардык тармактарда өзгөрүүлөр болгонун айтты.
Эми кыш айларында негизги азык-түлүккө, күйүүчү майга баалардын өсүшүн токтотуу, электр энергиясынын таңкыстыгы, салыктардын өзгөрүүсү сыяктуу учурда элди ойлондурган маселелердин ыкчам чечилүүсү дагы жазындагы сиз айткан эксперттик көз караштын ишке ашуусунун же аны жокко чыгаруунун негизги элементтерин бири болуп саналат.
Дагы бир фактор – бул жаңы шайланган парламенттин курамынын ишинен дагы көз каранды. Жалпы эле саясый турбуленттик кырдаал бийликтин өлкөдөгү кыска жана узак мөөнөттүү көйгөйлөрдү бачым, ойлонулган чечимдер аркылуу жөнгө салуусуна байланыштуу. Ал үчүн чечим кабыл алуучу топ түрдүү эксперттик, аналитикалык курамдагы кишилер менен иштешүүсү дагы маанилүү.
- Бийликтин кадр саясаты купулуңузга толобу? Бул жаатта өзгөрүүлөр керекпи?
- Жаңы Кыргызстандын тарыхында Иосиф Сталиндин “Кадрлар баарын чечет” деген сөзү бүгүнкү күндө өз актуалдуулугун жоготпой келе жатат. Былтыркы октябрь окуяларынан кийинки кадр саясаты дагы бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болду. Акимдерди ротациялоо, министрликтер менен административдик ведомстволорду ирелештирүү, аткаруу бийлигине президенттин жоопкер болуп, өкмөттүн курамы министрлер кабинетине баш ийип өзгөртүлүүсү сыяктуу бир катар системалуу жаңылануулар орун алды.
Менимче, эмки кадамдар бийликтин баардык вертикалдуу структурасында – айыл өкмөттөрүнөн баштап министрликтерге чейинки курамда функционалдык талдоолор жүргүзүлүп, бирин-бири кайталаган функцияларды жоюп, дээрлик иш кагаздарын электрондук документке айлантууга алып келүү зарыл.
Бүтүндөй тармактарга кесипкөй, билимдүү, инновациялык көз караштагы адамдарды алып келип, иштетүү шарт. Эми сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө Грузиянын, Сингапурдун кадр саясатындагы тажрыйбаны колдонуу керек. “Сен менин партиямдасың, мага жардам бергенсиң” сыяктуу түшүнүктөрдөн, неопотизм сыяктуу көрүнүштөрдөн арылуубуз керек.
- Соңку убакта Бишкектин көчөлөрүндө бири-бирин атышкандар, ар аймактарда талап-тоноого шектелгендер, адам өлтүргөндөр, кыз зордуктагандардын баары сакалчандар болууда. Радикалдуу диний катмар буулуга баштадыбы? Күч органдарынын көзөмөлү жетишпей жатабы?
- Баардык сиз санаган терс көрүнүштөрдү сакал койгон адамдар жасаса, аны динге байлап койгон такыр туура эмес. Акыркы кезде бизде эле эмес, башка өлкөлөрдө деле диний атрибутиканы колдонуу кандайдыр бир трендге айланып жатат. Ооба, кыргыз коомунда радикализм коркунучу бар. Бул чакырыктар биздин каалгабызды каккылап, босогобузга келип калды.
Аны биротоло четке кагуу туура эмес. Афганистандагы соңку кырдаал көрсөткөндөй, биз радикалдуу диний топтордун “уктап жаткан ячейкаларынан” сак болуп, бул багытта превентивдүү иш аракеттерди бир эле күч органдары эмес, диний структуралар, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү деңгээлдеги түрдүү катмардын лидерлери менен жамаатташуу тартибинде иш алып баруубуз керек. Бул багытта мыйзамдар менен укуктук-ченемдик документтер жетиштүү.
Эми алардын ишке ашуу механизмдерин карап чыгып, түшүндүрүү иштерин борбордук деңгээлден жергиликтүү деңгээлге түшүрүү шарт. Бул багыттагы иш-чараларды системалуу негизге алып келүүгө убакыт келип жетти. Коомго толеранттуулук, диний плюрализм идеяларын жайылтуу керек. Анткени, Кыргызстан көп улуттуу, көп конфессиялык, дүйнөбий принциптерди тутунган мамлекет. Бирок, өлкөбүздөгү негизги, калктын 90%га жакыны карманган ислам дининин чыныгы баалуулуктарын жайылтуу биринчи орунда турушу зарыл.
- Ислам мамлекетин куруу Кыргызстандан башталуу коркунучу жокпу? Айрым диний ишмерлердин саясатка аралаша баштаганы эмнеден кабар берет?
- Теократиялык мамлекетти куруу коркунучу учурда Кыргызстанда жок. Себеби, кыргыздар, кыргыз коому эркин ойлонгон, эркиндикке умтулган эл. Башкаруу структурасы чет өлкөлөрдө болгон, бизде мыйзам негизинде тыюу салынган радикалдуу жана террордук топтордун максаты баарыбызга эле белгилүү. Бирок, алардын бул максаты утопиялык. Кыргызстан мүчө болгон бир жана көп форматтагы уюмдар, биз менен шериктеш болгон башка мамлекеттер дагы буга жол койбойт.
Ал эми диндин саясатташуу, же саясаттын диндешүү көрүнүшү бизде бар. Ал түрдүү деңгээлдеги шайлоолордо, айрым бир саясый ишмерлердин сөздөрүндө байкалууда. Бирок, Кыргызстандын укуктук системасында, Конституциясында дин мамлекеттик саясаттан, мамлекеттик идеологиядан, мамлекеттик башкаруудан жана мамлекеттик билим берүү системасынан ажыратылган.
Эң ириде демократиялык мамлекеттердеги бирден-бир принцип – бул жалпы адамдардын, жарандардын тең укуктуулугу. Бул тең салмактуулук бизде учурда сакталууда жана келечекте дагы сакталат деген пикирдемин.
Булак: Азия News гезити