www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук министрлигине караштуу "Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту" түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Бул министрлер кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ушул багыттагы иштерге илимий ыкмаларды киргизүү максатында кабыл алынды", — деп жазылат маалыматта.
Буга катар Укук министрлигине караштуу жаңы институт жөнүндө жобо дагы бекитилген. Бул жобонун ишке ашырылышынан Кыргызстандагы нотариустардын бир нече бөлүгү ишсиз калышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg