www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден менен Путин эмнени талкуулады?

Кечээ, 30-декабрда Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Джо Байден телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкө лидерлери 50 мүнөт сүйлөшкөнү ачыкталды. Бирок азырынча эмне жөнүндө талкуу болгону ачык айтылган жок.

Байден менен Путин Украинадагы чыңалуудан улам келерки жылдын башында дипломатиялык алаканы активдештирүүнү макулдашканы кабарланды.

Маалым болгондой сүйлөшүү Москванын демилгеси менен өттү. 10-январда Женевада Орусия - АКШ жана НАТОнун жолугушуусу күтүлүүдө. Анда Украинага жакын жерде орус аскерлеринин топтолушу жана Москванын НАТОдон коопсуздук кепилдигин алуу талабына байланыштуу чыңалууну жөнгө салуу жолдорун издейт.

Бул ортодо Батыш орус бийлиги чек арага аскерлерин топтоп, украин аймагына кайрадан басып кирүүгө даярданууда деп шектенүүдө. Мындан улам ортодогу мамиле чыңалды.

Эске салсак, Москва 17-декабрда коопсуздук кепилдиктерине тиешелүү эки долбоорду сунуштап, НАТОдон чыгышка карай кеңейүүдөн баш тартууну талап кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости