www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы кандай маанилүү окуялар болду, көңүл буралы. 2022-жылы кочкорлук «ирик» Жапаровдун иши бүтөт, ал эми Акаевдин вице-премьери, Ташиевдин өкүл атасы, кочкорлук «кочкор» Талгарбеков делбелектеп учат. Ал Акаевдин учурунда Жалал-Абад облусунда губернатор болуп турганда Камчыбек Ташиев деген жаш жигиттин иштерине көзү түшүп калат. Ташиев үйлөнөөрү менен, аны өкүл ата кылат. Акаев тоголонгон соң Бакиевдин пресс-катчысы Шакиев жакшы иштерди улантып иштеп бериңиз десе болгон эмес, эми айыл чарба министрине же кабмин орунбасарына келет дешет.

Январь

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо болуп өттү.

Февраль

2021-жылдын 3-февралында Марипов Улукбек премьер-министр болуп дайындалат.

Март

Борбор шаарыбыз Бишкекти курчап турган Чүй облусунун өнөр жайы жакшы көрсөткүчтөрдү көздөй өсүп баратат. Бүгүн бүтүндөй өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгилеген. Өнүккөн транспорттук инфраструктура бар, ири рынокторго жана кошуна өлкөлөргө чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Чүй облусу аймактарды өнүктүрүүдө лидер болушу керек. Чүй облусу өнүгүүнүн модели жана бүт өлкөбүзгө үчүн локомотив болооруна ишенем. Мында алтымыштан ашуун улуттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатышат. Сары-Өзөн-Чүй баарыбызды батырып, элди багып жатканы чындык. Чүй облусу боюнча  жеке ишкерлер тарабынан жаӊы  кичи жана орто ишканалар ачылып, көптөгөн иш орун түзүлдү. Чүй облусунда жетекчилик алмашат.

Апрель

Айдын аягында Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда орду толгус чыр-чатак чыгат.

Май

Улукбек Марипов премьер-министрлик кызматтан кетип, министрлер кабинетине жетекчи болуп дайындалат.

Июнь

Кыргызстанга эс алууга келген коноктордун жана өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында ички иштер органдарынын 2 миңден ашуун кызматкери иш алып барды. Чүй облусу боюнча 35ден ашуун эс алуу жайлар конокторду кабыл алды. Жер-жерлерде, ошондой эле эс алуучу аймактарда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жети милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу иштерин жүргүздү. Ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо -  милициянын эң негизги милдети.

Июль

1-июлдан тарта мөңгүлөр эрип, суунун агымы көбөйө турган. Бул жылы сугат сууга тийиштүү абал оор болду. Аны ыкчам чечүү маанилүү. Фермерлер сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу кооптонуусун билдиришкен. Сугат суунун таңкыстыгы түшүмдүн жыйым-теримине кедергисин тийгизди. Суунун аздыгынан кургакчылык пайда болуп, тоодон куйган булактардын азайышынан келди. Ошондуктан сугат суунун тартыштыгы келип чыккан. Бирок жалпылап чечүүчү башка көйгөйлөр да бар. Мындан чыгуунун жолдорун табууну издешти.Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе.

Август

Жыл сайын эле жай аяктай мөңгүлөр эрип, суунун агымы көбөйөт. Андыктан, дарыялар куурап калышы мүмкүн деген божомол туура эмес. Мындан тышкары, суунун жетишсиздиги каналдардын айрым борпоң топурактуу тилкелериндеги жогорку фильтрациядан улам келип чыгууда. Бийлик долбоордук сунуштарды ыкчам иштеп чыгуу максатында ирригациялык тармактарды өркүндөтүү боюнча кыска мөөнөттө сунуштарды киргизген. Айдоо жерлерин эффективдүү пайдалануунун негизги фактору болуп сугат иштери эсептелинээрин, өзгөчө тамчылатып сугаруу тажрыйбасын жайылтуунун зарылдыгын туюп, ушул иштерге катуу  көңүл буруп келатат. Сууну туура колдоно турган болсок дан эгиндеринен көбүрөөк пайда табарыбыз белгилүү.

Сентябрь

Кымбатчылык болуп, баалар өсө баштады, өзгөчө мектеп окуучуларынын колдоно турган каражаттары. Окуу 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталды.

Октябрь

Улукбек Мариповдун министрлер кабинетин башкарган карьерасы тамам болуп, ордуна Акылбек Жапаров келди.

Ноябрь

2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Бул шайлоодо Чүйдө кайсы талапкердин таасири күчтүү болду? БШКнын маалымат тутумунун алдын ала маалыматы боюнча, урналардын 99,96 пайызы (автоматташтырылган эсептөөчү урнанын жана кол менен эсептөөнүн маалыматтары) иштелип чыккандан кийин 6 партиядан — 54 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча — 34 талапкер парламентке өттү.

Декабрь

Жетинчи парламент өз ишин баштады. Буюрса эмки жылы кочкорлук «ирик» Жапаровдун иши бүтөт, ал эми Акаевдин вице-премьери, Ташиевдин өкүл атасы кочкорлук «кочкор» Талгарбеков делбелектеп учат. Бул Акаевдин учурунда Жалал-Абад облусунда губернатор болуп турганда Камчыбек Ташиев деген жаш жигиттин иштерине көзү түшүп калат. Ташиев үйлөнөр менен аны өкүл ата кылат. Акаев тоголонгон соң Бакиевдин пресс-катчысы Шакиев жакшы иштерди улантып иштеп бериңиз десе болгон эмес, эми айыл чарба министрине же кабмин орунбасарына келет дешет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости