www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирди. Тийиштүү жарлык 5-январда Акорданын сайтына жарыяланды. Расмий кабарга ылайык, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт.
Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат. Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда.
4- январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарларда да болду. Акциянын катышуучулары өкмөттүн отставкасын жана башка саясый талаптарды айтып жатышат.
Булак: Азия News гезити