www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Заирбек Эргешов имамдардын аттестациядан өтөөрүн айтып чыгаары менен бизде мындай суроо пайда болду: Аттестациядан Дин комиссиясы каалаган имам өтөбү же эл каалаган имам өтөбү? Эгер эл каалаган имам өтсө, анда эл-журт кандай имам каалайт?

•           Чыбыкты медресеге барган баланы тарбиялоонун эң мыкты жолу катары эсептеген имамдыбы?

•           Эки катын алып эле тип болбостон өзүнүн үй-бүлөлүк маселесин коомдук талкууга айландырган имамдыбы?

•           Интимдик видеосу менен таанылган имамдыбы?

•           Сексологдордун ишин талашкан имамдыбы?

•           Ажылык маалын «түшүм жыйноо» катары караган имамдыбы?

•           Ажыларга  бал ташытып, аларды карго катары колдонгон имамдыбы?

•           Саясатчыларга динди сатып, шайлоо учурунда «жылдызга» айланган имамдыбы?

•           Элге эмес, сырттан келген каражаттарга кызмат кылган имамдыбы?

•           Саясатчыларга кеңешчи болгон «менчик» имамдыбы?

•           Мечитке келген жаштарды кооптуу агымдардын кучагына кармата берген имамбы?

•           Кыргыздын каада салтына каршы каарын төккөн имамбы?

•           Мамлекеттүүлүктүн маңызын түшүнбөй мусулмандарды конституциялык түзүмгө каршы тукурган имамбы?

Албетте мындай имамдарды каалабайт эл. Бирок тандай турган башка тандоосу жок эл эмне кылсын анан?

Имамдарыбыздын билим деңгээли жакшы эмес экени айытлып эле келет. Ар кимиси ар жерде, ар түрдүү билим алган. Араларында салттуу хужра системасы менен окуп, жергиликтүү устаздардын тарбиясын көргөн, ханафий мазхабын, матуридий көз-карашын карманган молодорубуз бар. Бирок сырттан билим алып же сырттан каржыланган медреседе окуп, сырт жактын идеологиясына сугарылган имамдар көп. Алар жергиликтүү дин түшүнүгүбүзгө эле карама-каршы келбестен, элибиздин каада-салт, үрп-адаттары менен жана мамлекеттин фундаменталдык негизи менен тирешүүдө. Жөнөкөйлөтүп айтканда сырттан келген исламий көз-караштар жергиликтүү шарттарга туура келбей, жергиликтүү баалуулуктар менен кагылышууда. Имамдар болсо, бул кагылышууда негизги ролду аткарууда. Кээ бирлери Орто Азияга ылайыкташкан салттуу ислам түшүнүгүн жактаса, кээ бирлери жаңы исламий көз-карашты жайылтууда. Ал эми айрым имамдар бул эки тарапты тең түшүнбөй, билимсиздигинин жапасын чегип эки тараптын кайсынысынын үнү бийик чыкса ошону ээрчип кетүүдө.

Имамдардын билим деңгээлинин төмөндүгү дин маселесине эле эмес, саясатка да таасир этүүдө. Кээ бир молдолордун диний көз-карашы мамлекеттин светтик түзүмүнө дал келбей жатат. Ошол себептен керек болсо Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгон кээ бир имамдар кээде чыга калып светтик мамлекеттин короосуна таш ыргытып, кайра мечитке кирип кетип атышат. Ал эми мамлекет болсо, эмне кылаарын билбей жатат. Өйдө тартса өгүз өлчүдөй, ылдый тартса араба сынчудай.

Аалымдар Кеңешинин кээ бир мүчөлөрүнүн мамлекеттик түзүмгө карата ыргыткан мындай таштары үчүн жоопко тартуу боюнча Дин комиссиясынын өтүнүчү Аалымдар Кеңешинин жыйынында каралган да жок. Тагыраак айтканда Дин комиссиясы «тентегиңерди тыйып койгулачы» деп Муфтиятка жана Аалымдар Кеңешине кайрылды эле, ал жактан үн да чыккан жок. Себеби көптөн бери эле Аалымдар Кеңешине мүчөлөр илимине, билимине, адеп-ахлагына карап эмес, «жамааттык квота» боюнча кабыл алынып калган да. Таблигчи, гуленчи болбогон, исламдын орто жолун карманам деген аалымдардын Аалымдар Кеңешинин эшигин аттап кирүүсү кыйын го.

Аалымдар Кеңешин илгери Дин комиссиясы башкарчу. Кийинчерээк Аалымдар Кеңеши атайын кызматтын алаканында эле. Ал эми азыр Аалымдардын Кеңешин сырттан келген диний проекттердин мөмөсү болгон жана жергиликтүү саясатчылардын да колдоосуна ээ кишилер жетектеп калган. Дин комиссиясы эмне кылсын анан?

Үлгүлүү имамдарыбыз жокпу? Бар албетте. Андайлар колунан келишинча өздөрү билген, өздөрү көнгөн ишти жасап жатышат. Башкача йтканда 10-15тен баланы тарбиялап, молдонун адебин сактап популизмден алыс болуп динге кызмат кылууда. Аларды эл аралык конференцияларда, социалдык түйүндөрдө, саясий иш-чараларда, бирөөнүн соодасынын жарнамасында көрө албайсыз. Алар ичпей жебей курган кичинекей медреселеринде саясатташпаган жана соодага айланбаган динди жаштарга үйрөтүшүүдө. Андыктан дин комиссиясы бул молдолорду «медрсеңен уруксаты жок экен», «өзүңүн дипломун жок экен», «медреседе физиканы окутпайт экенсиң» деп желкеден алгандан көрө, сырттан алган каржысына чиренип, мамлекеттин саясатын көзгө илбей, саясатчыларды салаасында ойноткон, динди социалдык түйүндөрдөгү салгылашууларда колдонгон имамдарды тескесе болмок.

Кыстарма: Биз бул жерде өз кесибин таза аркалаган, диндин жана элдин кызыкчылыгын ойлонгон имамдарга көө жабалы, ыйык динибизге шек келдтирели деген такыр оюбуз жок. Тескерисинче окурмандарыбыздан селде менен чапанды кийип алып исламды жаман көрсөткөн кишилерден адептүү молдолорубузду бөлүп кароону өтүнөбүз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости