www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги профессор Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, саясий жана мекенчил күчтөр уюштурган Курултайдын резолюциясындагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.
-Каныбек агай, той болот, тойдун да эртеси болот дегендей мекенчил жана саясий күчтөр уюштурган курултайга дооматтар, сындар айтыла баштады. Аталган курултайды бийликке ыктагандар Атамбаевден өч алуу максатында өткөрүшкөн эмеспи?
-Мени дагы ушул ойлор эзип келет. Кечээ эле Атамбаевдин астында бөйпөлөңдөп жүргөндөр бүгүн "көкжал баатыр" боло калышты. Менимче президент Жээнбеков бардыгын акыл менен калчап, байкап турат. Мага бул жерден обу жок оюнга аралашуунун кереги жоктогун сезгендей туюлду. Курултайдагы бийликке болгон жасакерлердин сүйлөгөндөрү алардын өздөрүнүн демилгелери менен эле орун алды. Муну келесоо деле түшүндү. Курултайдын Президиуму бул жагымсыз жасакерликти тыйып койбоду. Президентке реалдуу эмгек кылып, аны колдойм деген кол кабыштыкты жасагысы келгендер, айкырып-кыйкырбай эле эмгектенип келе жатышат. Тилекке каршы, алардын аракетин, бийлик-байлык үчүн жантыгынан жата калгандар көмүскөдө калтырууга жетшип алышууда. Курултайдын иши негизинен жакшы болгону менен, акыйкаттыктан эчак эле тайып, элге жек көрүндү болгондорду дагы бир жолу өрөпкүтүп жиберишти.
-Курултайдын резолюциясы күчкө ээ болуп, жогору жактан колдоо табабы?
-Кана эми ошондой болсо! Байкап турайлычы. Президенттин аппаратынын башчыларынын бири, жооптуу кызматкерлери катышышпадыбы? Өкмөттөн дагы келгендей болушту. Конкреттүү чаралар көрүлүп, Курултайдын резолюциялары ишке аша баштаса, баракелде дейли! Эгерим андай болбосо, анда жөн эле алаксытмай болуп калыптыр дейбиз, да!
-КСДПнын пресс-катчысы уюштуруучулардын арасында чыныгы коомчулуктун өкүлдөрү эмес, жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр жана дүжүрлөр экен”-деди. Булдоомат жөндүү элеби?
Эми Курултайга 600дөн көп адам катышыптыр! Алардын баары эле Кундуз айкандар эмес, да. Баа берүүдө адилет болуу керек. Делегаттар кандай механизм же мыйзам менен тандалды, менин кабарым жок! Бирок, сүйлөгөндөрдүн арасында өз кызыкчылыгын көздөгөндөр басымдуулук кылды. 4 негизги доклад жакшы түзүлүптүр! Жарыш сөздөрдүн көбү мага жакпады. 7- апрель, 2019- жылкы, кийинки Курултай мындан да таасирдүү жана абройлуу болсун, дейт элем.
Булак: NazarNews.kg