www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министринин биринчи орун басары Ө. Женишбеков жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун капиталдык курулуш боюнча орун басары И. Адиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды беришти.
Иш сапарынын жүрүшүндө Григорьевка айылындагы энергетикалык объектилерде жүрүп жаткан курулуш жана жаңылоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Жаңы электр берүү чубалгылары заманбап СИП зымдары менен тартылып, эски тармактар этап-этабы менен жаңыланып жатат. Ошондой эле «Григорьевка» көмөк чордонунда жогорку чыңалуудагы элегаздык өчүргүчтөрдү орнотуу каралган.
Ошону менен бирге, Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо болуп, быйыл өтө турган ШКУ саммитине карата объектти сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, ошондой эле кубаттуулукту жогорулатуу маселелери каралды. Жетекчилик тарабынан бардык иштерди өз убагында жана жогорку сапатта аткаруу боюнча так тапшырмалар берилди.
Ошондой эле модернизациядан өтө турган 110/10 кВ "Долинка" көмөк чордону да каралды. Долбоорго ылайык, мурдагы 10 жана 16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлордун ордуна кубаттуулугу 40 МВА болгон эки жаңы трансформатор орнотулуп, жалпы кубаттуулугу 80 МВА болгон заманбап көмөкчордон түзүлөт. Учурда жабдуулар алынып келип, орнотуу иштерине даярдык көрүлүүдө.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 4-майында Ак-Суу районундагы Жыргалаң тоо лыжа курортунда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик маанидеги төрт мезгилдүү туристтик кластер долбоору боюнча жыйын өткөрүлдү. Аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин биринчи орун басары Ө. Женишбеков жана «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун капиталдык курулуш боюнча орун басары И. Адиев катышты.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары А.С. Кадыралиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда мамлекеттик органдарга берилген тапшырмалардын аткарылышы, Президент С.Н. Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин ишке ашырылышы жана долбоордун жүрүшү каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Жыргалаң өрөөнүндө энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кошумча тапшырмалар берилди. Атап айтканда, 35 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын долбоорго ылайык жер астынан өткөрүү иштерин баштоо, ошондой эле Каракол–Жыргалаң багытындагы 110 кВ электр аба чубалгысын куруу жана тиешелүү көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатуу маселелери белгиленди. Ошондой эле аткарылып жаткан иштерди бекитилген графикке ылайык өз убагында жүргүзүү милдети коюлду.
Жыйындын алкагында Жыргалаң өрөөнүндө жүргүзүлгөн иштер да белгиленди. Атап айтканда, 35/10 кВ «Үч чоку» жаңы көмөк чордонунун курулуп, ийгиликтүү пайдаланууга берилгени жана долбоордун алкагында 12,8 чакырым кабелдик чубалгылар тартылып, 4 даана 10 кВ көмөкчордондору орнотулганы аталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Ө. Жеңишбеков жана И. Адиев “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында уюштурулган ишембиликке катышып, Жыргалаң лыжа курортунун аймагына ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузушту.
Иш сапардын соңунда жетекчилер тарабынан энергетикалык объектилердеги бардык иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча так тапшырмалар берилип, тармактын туруктуулугун камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди. Жүргүзүлүп жаткан иштер аймактын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоо менен катар эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.