www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата жумушчу жолугушуу уюштурулуп, ага Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев баш болгон судьялар, ошондой эле Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева, анын орун басары Мирлан Жеенчороев, Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Курманалиева жана башка тиешелүү өкүлдөр катышты.

Аталган баарлашуу аянтчасы Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого арналды.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев жолугушуунун актуалдуулугун баса белгилеп: «Конституция – бул мамлекеттин негизги мыйзамы гана эмес, элдин эркин, адамдын кадыр-баркын жана укук менен адилеттүүлүккө болгон ишенимди чагылдырган фундаменталдык укуктук таяныч. Ал мамлекеттик бийликтин бардык бутактары үчүн жалпы өнүгүү багытын аныктап, алардын тең салмактуу иштешин камсыздайт», – деди.

Андан соң жолугушууда сөз сүйлөгөн Медербек Алиев Конституциялык сот менен парламенттин ортосундагы кызматташуунун маанисине токтолуп: «Конституциялык сот – бул өлкөбүздөгү конституциялык мыйзамдуулуктун, укуктук тартиптин жана негизги мыйзамдын үстөмдүгүнүн кепилдиги. Ар бир чыгарылган чечим – бул укуктук мамлекетти бекемдөөгө, мыйзамдуулукту чыңдоого кошулган чоң салым. Ал эми Жогорку Кеңеш – эл өкүлчүлүгүнүн жогорку органы катары мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашырып, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багыт берген негизги чечимдерди кабыл алат. Парламент менен Конституциялык соттун ортосундагы өз ара аракеттенүү – укуктук системанын туруктуулугун камсыз кылган маанилүү факторлордун бири», – деди.

Муну менен катар Медербек Алиев мыйзам чыгаруу процессинде Конституциянын ролун баса белгилеп: «Биз баарыбыз Конституциянын негизинде иш алып барабыз. Ошондуктан негизги мыйзамдын жоболорун так сактоо, аны бирдей түшүнүү жана колдонуу – биздин жалпы жоопкерчилигибиз. Мыйзам чыгаруу процессинде кабыл алынган ар бир мыйзам Конституцияга шайкеш келүүгө тийиш. Бул багытта Конституциялык соттун укуктук позициялары парламент үчүн маанилүү багыт берүүчү булак болуп саналат», – деди.

Жыйынтыгында Медербек Алиев бардык мамлекеттик институттардын биргелешкен иши укуктук, демократиялык жана социалдык мамлекетти куруунун негизги шарты экенин айтып: «Парламент менен Конституциялык соттун ортосундагы ачык диалог, өз ара тажрыйба алмашуу жана конструктивдүү кызматташуу – ушул максатка жетүүнүн негизги шарттарынын бири. Мындан ары да мыйзамдуулукту бекемдөө, Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын коргоо багытында биргелешкен ишибиз жемиштүү болот деген ишеничтемин», – деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, укук колдонуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортосундагы институттук өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

 

 

 

 

 

Последние новости