www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинен Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ)көмүр ташыган айрым айдоочулар 3-апрелден тартып иш таштады. Алардын айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги аныктаган акчаны тендерден уткан ортомчу компаниялар төлөп бербей жатат.

“Биз Кара-Кечеден көмүрдүн тоннасын 900 сомдон тартабыз, негизги баа 1290 сом экен. Бирок тендерди уткан ортомчу фирмалар бизге төлөнчү акчадан пайда көрүп жатышат. Ошол себептен биз иш таштоого бардык. "Кыргызкөмүр" ортомчу фирмаларсыз эле өзүбүз менен түз келишим түзүп иштешсе жакшы болмок. Жол маселеси да бар. Дыйкан-Кара-Кече жолунун абалы абдан начар. Бизди кыйнаган дагы бир маселе бул Кара-Кечедеги “каралар”. Алар иштегенге мүмкүнчүлүк бербей келишет. Өкмөт ушул маселелерди чечип берсин деп талап кылып жатабыз”, - деди айдоочулардын бири Бакыт Сламов.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова аталган мекеме жагдайды жөнгө салууга аракет кылып жатканын айтты:

"Биз буга чейин да түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз, “Кыргызкөмүр” айдоочулар менен түз келишим түзө албайт. Жеке фирмалар менен келишим түзөбүз”.

Кыргызстан керектеген көмүрдүн теңи Кара-Кечеден казылат. Бишкек ЖЭБи жылына 1 миллиондон ашык көмүр керектейт жана анын жарымынан ашыгы, 680 миң тоннасы Кара-Кечеден ташылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости