www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--“Мен мурдагы маданият министри катары азыркы учурда кыргыз маданиятынын чөгүп турганына аябай тынчсызданам. Себеби, жакынкы 3 жылдан бери көрүп жатабыз 8-март күндөрү ар кандай орунсуз окуялар болууда. Тактап айтканда кыздардын бир шумдуктуудай кийинип, митинггерде чыгып келишет. Ошондой эле музейдеги бир шумдуктуудай жат көрүнүш болду. Ушуларга окшогон коомго терс таасир калтырган окуялар абдан көп болууда. Булар жыл сайын чыгып салтка айландырып бараткандай. Менин ичимдин ачышканы кыргыздын улутуттук идеологиясын, баалуулуктарын тебелеп, чанып башканын идеологиясын жана баалуулуктарын даңазалап жатканы. Кыргызын эле кыздары, айрым адамдары кыргыздын улуу мурастарын, улуттук кийимдерин чанып, тепселеп башкалардын улуттук кийимдерин же болбосо терс көрүнүштөрүн кабыл алганыбыз туура эмес. Кыргыздын ата-бабалардан, Манас атабыздан калган көөнөргүс каада-салтыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз жана идеологиябыз бар. Биз өзүбүздүн өлкөбүздө ошол мурастарды даңазалап, сыймыктанышыбыз керек”, - дейт Талиева.
Булак: NazarNews.kg