www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Көл шаардык сотунун судьясы жана Кара-Көл шаарынын ИИБ кызматкери пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-октябрында ИИМдин Ички иликтөө кызматына И.Ф. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Кара-Көл шаарынын ИИБ кызматкери Кара-Көл шаардык соту Ы.П. менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 миң сом пара талап кылганын айткан. Мындан тышкары ал эркиндигинен ажыратпаган бөгөт чарасы каралышы үчүн сот органдарына 30 миң сом пара берүүгө аргасыз болгон. Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-берениси (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Көл шаарынын ИИБ кызматкери, милициянын капитаны Б.М. Кара-Көл шаардык соту Ы.П. менен сүйлөшүп алып, ортомчу катары оң өкүм кабыл алуу үчүн пара алууда сүйөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган.
Ошентип, 2019-жылдын 30-октябрында Кара-Көл шаарында өткөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жүрүшүндө талап кылынган паранын бир бөлүгү 20 миң сом акча каражатын алууда Кара-Көл шаардык соту Ы.П. жана Кара-Көл шаарынын ИИБ башчысынын орун басары милициянын капитаны Б.М. кармалды.
Азыркы убакта УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Булак: NazarNews.kg