www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө кош бойлуу келин каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облус боюнча координатору Жаңыл Акунова билдирет.
Анын айтымында, Ак-Суу районунун Токтогул айылынын 23 жаштагы тургуну 9-сентябрга караган түнү төрөт үйүнө оор абалда түшкөн. Ал шишип, дем алуусу начарлап жана сатурация (гемоглобиндин кычкылтек менен каныгышы) төмөн болгон.
"Кош бойлуу келин ата-энеси үйүндө, тагыраагы, Түптө болгон. Бирок алар дарыгерлерге кайрылышкан эмес, абалы оорлогондон кийин төрөт үйүнө жеткирилген. Дарыгерлер кесарево жолу менен төрөттү. Тилекке каршы, абалы жакшырбай каза болуп калды", - дейт Акунова.
Аял кош бойлуулуктун 36 жумасында болгон жана каттоодо турган.
Учурда ымыркайдын абалы турукташып калган.
Булак: NazarNews.kg