www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы «Карамык» жана «Эркештам» карантиндик фитосанитардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында өсүмдүк продукцияларына карата фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча башкармалык тарабынан жүргүзүлүүдө.

Көзөмөл учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөндөр, көчөттөр жана башка өсүмдүк продукциялары аныкталууда.

Ошондой эле жарандардын кол жүгүндөгү белгиленген талаптарга жооп бербеген продукциялар текшерүүдөн өтүүдө.

Мыйзам талаптарына жооп бербеген жүктөр жана кол жүктөр белгиленген тартипте кайра кайтарылууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, фитосанитардык көзөмөлдүн негизги максаты — карантиндик зыяндуу организмдердин өлкө аймагына киришине жана таралышына жол бербөө.

Жарандарга мамлекеттик чек ара аркылуу өсүмдүк продукцияларын алып өтүүдө фитосанитардык талаптарды так сактоо сунушталды.

Последние новости